Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ишкерлер үчүн салык режимин тандоо боюнча нускаманы иштеп чыкты

Новости
01-Сентябрь 2022-ж.
1672

Мындай документ биринчи жолу даярдалып жатат. Ал ишкерлерге өлкөдө салык төлөмдөрүн кандай режимде жүргүзүү керектигин аныктоого мүмкүндүк берет. Маалымдуулук, санариптик жана финансылык сабаттуулук жана ачыктык Кыргызстандагы мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүү критерийлери болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ушул жылдын башында олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Бизнес өкүлдөрүнүн компетенциясын кеңейтүү Экономика жана коммерция министрлигинин милдеттеринин бири болуп саналат, ал ишкердикти мамлекеттик колдоону жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет.

Ишкерлер үчүн салык режимин тандоо боюнча деталдуу этап-этабы менен нускамалардын зарылчылыгы өлкөдө канчалык көп юридикалык жактар катталса, ошончолук курч сезилет. Бул маселеде позитивдүү динамика өлкөгө келип, биздин мамлекетте бизнесин өнүктүрүүгө ниеттенген чет элдик жарандардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу белгиленди.

«Кыргыз Республикасына ишкердик менен алектенүү үчүн келген мыйзамды сыйлаган чет элдик жарандар мамлекеттик органдар тарабынан ар тараптуу колдоого алынышы керек», - деп белгиледи министр Данияр Амангелдиев.

Кыргызстанда бул этапта жалпы салык режими жана атайын салык режимдери (патенттик салык, бирдиктүү салыктын негизиндеги жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасы, электрондук коммерциялык ишмердикке салык) практикаланууда.

Режимди тандоо ишкердин жүгүртүү деңгээлине, юридикалык каттоо формасына жана анын ишинин түрүнө жараша болот.

Жаңы колдонмо сизге бул маселелерди түшүнүүгө жардам берет, анда башка нерселер менен катар Интернеттеги салык органдарына физикалык даректер жана активдүү шилтемелер бар.

«Эгерде сиз чет мамлекетке келип, бизнес жасоону көздөп жаткан болсоңуз, анда салык салуу принцибин гана эмес, эң негизги нерселерди: кайда баруу керек, эмнени алып баруу керек, ким менен байланышуу керек экенин билүү маанилүү. Биз бул суроолордун баарына көрсөтмөнүн жардамы менен жооп берүүгө аракет кылдык”,-деди министрдин орун басары Айнура Үсөнбекова.

Колдонмого шилтеме аркылуу кайрылсаңыз болот: https://mineconom.gov.kg/ru/direct/385/396


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу