КР Экономика жана коммерция министрлиги Ишкерлерди тейлөө борборуна кайрылуу боюнча нускама даярдады

Новости
29-Август 2022-ж.
1587

Уникалдуу документ бизнес менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөштүрүүчү башка колдонмолор менен бирге иштелип чыккан. Бишкекте Бирдиктүү терезе принциби боюнча Ишкерлерди тейлөө борбору (ИТБ) түзүлүп, ага ар кандай мамлекеттик жана коммерциялык кызматтардын адистери топтолгон.

Кыргызстанга келген чет элдик жарандар ИТБнын дареги, иштөө убактысы жана андагы мамлекеттик жана коммерциялык кызматтар тууралуу толук маалымат алышат. Нускама жарандыгына карабастан бардык ишкерлер үчүн пайдалуу болот.

Мындай нускамалардын зарылдыгын КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова мындайча негиздейт: “Биз Кыргыз Республикасындагы каалаган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугун жогорулатуунун үстүндө катуу иштеп жатабыз. Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү биринчи кезекте бизнес менен мамлекеттин өз ара аракеттенүүсүнүн ар кандай этаптары жөнүндө ачык-айкын жана жеткиликтүү маалыматты камтыйт. Бул нускама өлкөбүзгө келген чет өлкөлүк жарандар үчүн биздин өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн тийиштүү документтерди тариздөөнүн зарыл жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан”.

Ишкерлер консультацияларды жана мамлекеттик кызматтарды тез жана толук алуу үчүн ИТБда бардык шарттар түзүлгөн. Үч банктын кеңсесине жана 13 мамлекеттик кызматтарына барбастан, бардык маселелерди бир жерден чечүү мүмкүн.

Бишкек шаарындагы каалаган ишкер борбор менен телефон аркылуу байланышып, консультациялык колдоо ала алат. Ошондой эле, ишкерлер  иш-чараларды уюштуруу үчүн толук жабдылган 40 орундуу конференц-зал менен пайдалана алышат.

“Өлкөгө келген башка мамлекеттердин жарандары Экономика жана коммерция министрлигинин баракчасынан бир басуу менен гана ИТБга кантип жана эмне үчүн кайрылуу керектиги боюнча этап-этабы менен нускаманы ала алышат. Бул биздин коноктордун көп күчүн жана убактысын үнөмдөйт”, - деди КР Экономика жана коммерция министринин орун басары А.Усенбекова.  

Кыргызстандын борборунда бизнесин каттаган ишкерлер статусуна жана жарандыгына карабастан ИТБга кайрыла алышат. Борбор шаардын каалаган райондук салык органында катталган жери бар ишкерлерди тейлейт.

Колдонмого бул шилтеме аркылуу кайрылууга болот: https://mineconom.gov.kg/ky/direct/385/394



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу