Бишкекте чакан жана орто бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн колдоо максатында маалыматтык соода порталы ишке кирди

Новости
11-Ноябрь 2021-ж.
5442

Бүгүн, 2021-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында Хаятт Ридженси мейманканасында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (ЭКМ), Европа Биримдиги (ЕБ) жана Эл аралык соода борбору (ЭСБ) өлкөгө көбүрөөк инклюзивдүү экономиканы өнүктүрүүгө жана трансчекаралык сооданын ачык-айкындуулугуна керектүү импульс берүү үчүн “Кыргызстандын маалыматтык соода порталын” ишке киргизди..

Соода порталы КР ЭКМке караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндө бирдиктүү терезе борбору» Мамлекеттик ишканасы (БТБ) тарабынан ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Европа биримдиги (ЕБ) жана Эл аралык соода борбору (ЭСБ) инклюзивдүү экономикалык өнүгүүгө жана транс чек аралык сооданы ачык-айкын жүргүзүүгө түрткү берүү үчүн “Кыргызстандын соода маалымаn порталын” ишке киргизди. Соода порталы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе борбору” Мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылмакчы. 

“Кыргызстандын соода маалымат порталы” – бул соода ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жактардын (трейдерлердин) көз карашы боюнча импорттук жана экспорттук жол-жоболорду тал-талдап түшүндүрүп берген онлайн платформа. Портал сооданын чыгымдарын жана чек арадагы кармоолорду азайтуу үчүн ар кыл куралдарды колдонуу менен бизнес-коомчулугун колдоого жана өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган.

Порталды ишке киргизүү боюнча иш-чара 2021-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун катышуусунда өттү.

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Аалиев Азиз Кубанычбеков мырза: “Ушул портал соодадагы укуктук чөйрөнүн ачыктыгын жогорулатууда, бизнес үчүн соодага тиешелүү маалыматка тез жана универсалдуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу аркылуу экпортту илгерилетүүдө, соода жол-жоболорун жеңилдетүүдө маанилүү ролду ойнойт жана бизнес коомчулугунун убактысын жана акчасын үнөмдөйт”.
  • Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Эдуард Ауэр мырза: “Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү – бул ковидден кийинки мезгилде инклюзивдүү экономиканы калыбына келтирүү үчүн негизги фактор. ДСУнун Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Макулдашуусунда каралган соода маалымат порталын түзүү транс чек аралык соода жол-жоболорун жаңылайт жана белгиленген талаптарга шайкеш келтирет”.
  • Эл аралык соода борборунун соода жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча улук кеңешчиси Мохаммад Саид мырза: “Бул портал жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүүгө олуттуу салым кошот: Портал маалымат боштугун толтуруп, чакан жана орто бизнеске керектүү түрткү берет, трейдерлердин транс чек ара формалдуулугун сактоого короткон убактысын жана чыгымдарын кыскартат, “Кыргызстанда жасалган” брендинин эл аралык рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырат.

Бул портал – Борбордук Азияда ишке киргизилген экинчи портал болуп саналат. Соода маалымат порталы ДСУнун Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Макулдашуусун ишке ашырууну тездетүүгө багытталган. Буга ылайык ДСУнун мүчөлөрү транс чек ара соода жол-жоболорун онлайн жарыялоого милдеттенишет. Портал өлкөнүн экономикасынын эң стратегиялык маанилүү жана жумуш орундарын түзүүчү секторлорунун 38 өнүмүн жана ЧОБ тармактарынын 50%дан ашыгын камтыйт.

Соода маалымат порталы Кыргызстандагы Ready4Trade долбоорунун алкагында иштелип чыккан. Кыргызстан Европа биримдигинин жалпы суммасы 15 миллион евролук каржылоосу менен Эл аралык соода борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан “Ready4Trade – Борбордук Азия» долбоорунун беш бенефициар-өлкөсүнүн бири. 


“Ready4Trade – Борбордук Азия” долбоору - Европа биримдиги менен Эл аралык соода борборунун биргелешкен демилгеси.  Долбоор региондогу ички жана эл аралык сооданы кеңейтүү аркылуу Борбордук Азиянын туруктуулугуна жана инклюзивдүү экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууга багытталган. “Ready4Trade – Борбордук Азия” долбоорунун бенефициар-өлкөлөрү өкмөттөрдү, чакан жана орто ишканаларды, айрыкча, аялдар жетектеген ишканаларды жана бизнести колдоо боюнча уюмдарды камтыйт. Долбоор 5 өлкөдө: Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда ишке ашырылууда. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемени караңыз: https://www.intracen.org/Ready4Trade


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу