Ата мекендик компаниялардын продукциялары Кореядагы жарманкеде көрсөтүлдү

Новости
23-Июль 2021-ж.
3756

Министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги жана ата мекендик компаниялар менен биргеликте ата мекендик продукцияны Сеулга жеткирүүнү камсыз кылуу маселеси иштелип чыккан, анын максаты - Корея Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын колдоосу менен Корея Импортерлор Ассоциациясы тарабынан уюштурулган Корея Республикасынын Сеул шаарында 2021-жылдын 22-июлунан 24-июлуна чейин өтүүчү “Import Goods Fair” эл аралык көргөзмөсүндө ата мекендик продукцияларды демонстрациялоо.

Бул көргөзмөнүн негизги багыты Корея Республикасында чет мамлекеттердин товарларын жана продукцияларын жайылтуу болуп саналат.

Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгына ылайык, көргөзмөгө “Дары Тянь Шаня” ЖЧКсы, “Aman Greenfood”, “Bee Honey”, “Семейный Плюс”, “Насыйкат Исмаилова” ЖИ, “Кыргыз шоколады” ЖЧКсы, “Арония фарм” ЖЧКсы сыяктуу ата мекендик компаниялардын продукциялары коюлган.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу