Ысык-Көл облусунун мөмө-жемиш тармагынын чакан жана орто ишканалары ISO 22000: 2018 стандарттарынын серияларынын талаптарын изилдеп, азык-түлүк коопсуздугу системасын түзүү жөнүндө билимдерин чыңдоого мүмкүнчүлүк алышты

Новости
24-Июнь 2021-ж.
4130

2021-жылдын 22-июнунан 24-июнуна чейин Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму (ЮНИДО) Ысык-Көл облусунун мөмө-жемиш өсүмдүктөрү боюнча кошумча нарктын тизмектерин өнүктүрүүгө тартылган жемиштерди кайра иштетүүчүлөр үчүн “Тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасы” деген темада семинар өткөрдү. Семинар ишканалардын жетекчилерине, адистерге жана сапат боюнча менеджерлерге, ишканалардын технологдоруна багытталган.

Аталган иш-чара ЮНИДО жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгынын финансылык көмөгү менен “Мөмө-жемиштер боюнча кошумча наркты түзүү тизмектеринде стандарттарды сактоо боюнча алардын потенциалын бекемдөө жолу менен чакан жана орто бизнестин рынокторго жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү” биргелешкен долбоорунун алкагында демилгеленген. Долбоор ЮНИДОнун глобалдык сапат жана стандарттар программасынын бир бөлүгү, ал өнүккөн өнөктөш өлкөлөрдүн экспорттук атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн колдоо үчүн чакан жана орто ишканалардын сапатын жогорулатуу жана артыкчылыктуу өндүрүштүк тизмегинин стандарттарын сактоо максатын көздөйт. Бул долбоорду ишке ашыруу 2022-жылдын ноябрына чейин эсептелген.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар тамак-аш азык-түлүктөрүнүн коопсуздугунун негиздерин жана тамак-аш продуктуларынын коопсуздук менеджментинин эл аралык системаларын, анын ичинде НАССР (Hazard Analysis and Critical Control - Тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдоо пункттары) принциптерине негизделген тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жаатындагы стандарттарды киргизүү үчүн шарттарды үйрөнүштү. Азык-түлүк коопсуздугун башкаруу системасы боюнча машыктыруучу жана жетектөөчү консультант Сания Копцева белгилегендей, азык-түлүк коопсуздугун башкаруу системасын ийгиликтүү ишке ашыруу кыргыз ишканаларына бир катар артыкчылыктарды алууга мүмкүнчүлүк берет, атап айтканда ишкананы башкаруу системасынын эл аралык стандарттарга шайкештигин тастыктоо мүмкүнчүлүгү, жаңы тышкы рынокторго чыгуу, керектөөчүлөрдүн продукцияга болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу жана ишкананын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, коопсуз тамак-аш азыктарын өндүрүүнү тастыктаган документалдык базаны түзүү.

“Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоо ден-соолукту жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу үчүн гана эмес, өлкөнүн экономикалык   өнүгүшү үчүн да маанилүү”, - деп бирдирди Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин шайкештикти баалоо системаларын жөнгө салуу жана адал индустрия бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Аида Дуванаева.

Асылбек Ахмедшарипов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым Укуктуу Өкүлүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ысык-Көл облусунун экспортко багытталган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. ЮНИДОнун демилгелерин ишке ашыруу техникалык регламенттердин жана контролдоо чараларынын сакталбагандыгына байланыштуу баш тартуу тобокелдиктерин азайтуу үчүн потенциалдуу коркунучтарды болтурбоону камсыз кылат.

“Сапат менеджментинин киргизилген системасы бардык өндүрүштүк процесстерди башкаруу системасын жакшыртууга мүмкүндүк берет”, - деп белгиледи “Кыргызцентрпродукт” ЖЧКсынын технологу Айдар Жумалиев. “Биздин компания ISO 22000: 2018 сертификациясынан өтүүгө даярданууда. Бул максатта биз процесстердин өз ара аракеттенүү схемасын иштеп чыктык, ал эми аларга натыйжалуулукка баа берүү системасын түздүк. Бул продукцияны өндүрүүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, рыноктогу туруктуулугун жана жалпы компаниянын бизнесинин натыйжалуулугун жогорулатаарына ишенем”, - деп кошумчалады ал.

ЮНИДО Институционалдык өз ара аракеттенүү маселелери боюнча улуттук кызматкери Турсунай Усубалиева ЮНИДОнун 2022-жылга чейинки мезгилдеги глобалдык сапат программасынын жана стандарттарынын негизги багыттары жөнүндө айтып берди.

Толук маалымат:

Макмал Абылова, ЮНИДО коммуникация боюнча эксперти, (312) 900545 (жум), +996 773 700 344, email: gqsp-kyrgyzstan@unido.org


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу