Экономика жана финансы министрлигинде Биргелешкен координациялык комитеттин III жыйыны болуп өттү

Новости
08-Июнь 2021-ж.
3600

2021-жылдын 8-июнунда министрлик тарабынан 2018-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосунда кол коюлган сүт жана сүт азыктарынын сапатын жогорулатуу үчүн тамак-аш лабораторияларынын адам ресурстарын өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында Биргелешкен координациялык комитеттин үчүнчү жыйыны болуп өттү.

Жыйында 2019-жылдын декабрь айынан 2021-жылдын май айына чейинки долбоордун алкагындагы иш-чаралар жөнүндө отчету, узак мөөнөттү камтыган долбоордун калган мезгилиндеги иш-аракеттердин планы жана долбоордун өнөктөштөрүнүн долбоордук презентациялары каралды:

- лабораториялык аудит жөнүндө отчет;

- өлчөө белгисиздигин аралыктан окутуу;

- ХАССПнын жети принциби боюнча аралыктан окутуу.

Долбоордун максаты ЕАЭБдин техникалык регламенттерине ылайык жүгүртүүгө чыгарылган Сүттүн жана сүт азыктарынын сапатынын жана коопсуздугунун шайкештигин баалоо системасын жакшыртуу болуп саналат.

Долбоор эки компоненттен турат:

Биринчиси-бул сүттүн жана сүт азыктарынын сапатын жакшыртуу үчүн тамак-аш лабораторияларынын адам ресурстарын өнүктүрүү болуп саналат;

Экинчиси-бул ХАССП принциптерине негизделген тамак-аш продукциясын өндүрүү процесстерин контролдоо.

Долбоордун узактыгы үч жарым жыл (3,5)

Долбоор ишке ашырылган жер: Бишкек шаары жана айыл аймактары

Долбоордун максаттуу топтору:

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Оорулардыналдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдепартаменти;

- КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Түндүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору;

- Тамак-аш азыктарын сыноонун райондук борборлору.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн лабораториялык сыноолорду өткөрүү жана КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу ХАССП инспекциясын жүргүзүү боюнча жумушчу топтор түзүлгөн.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу