Экономика жана финансы министрлиги мамлекеттик активдерди башкаруу боюнча реформалардын негизги багыттарын белгиледи

Новости
10-Май 2021-ж.
3850

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2021-жылдын 5-майында элге кайрылуусунда айтылган экономикалык өнүгүүнүн негизги багыттарына ылайык, Экономика жана финансы министрлиги мамлекеттик активдерди башкаруу боюнча реформалардын негизги багыттарын белгиледи.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо экономиканы өнүктүрүүнүн беш негизги багыттарынын бири катары аныкталганы, мамлекеттин экономикадагы катышуусун башка милдеттер менен айкалыштырып азайтуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүү зарылдыгын көрсөтүп турат, анын түпкү максаты өнүккөн рынок инфраструктурасын түзүү.

Жеке менчиктин кол тийбестиги институттары жана инвестицияларды коргоо менен катар мамлекеттин экономикага кийлигишүүсүн минималдаштыруу, өнүккөн атаандаштык жана өлкөнүн эл аралык соодага интеграциясы экономикалык өнүгүүнүн өбөлгөсү болуп саналат.

Ошондуктан, экономиканын мамлекеттик секторун оптимизациялоо, анын ичинде стратегиялык эмес мамлекеттик активдерди менчиктештирүү аркылуу рынокту жөнгө салуу жана активдерди кыйла натыйжалуу жеке менчик ээлерине жана кесипкөй менеджерлерге өткөрүп берүү чарасы катары караш керек.

Министрлер кабинетинин алдына коюлган милдеттерди эске алуу менен, мамлекеттин коммерциялык ишмердүүлүккө катышуусу белгилүү бир тармакта мамлекеттик саясаттын тиешелүү артыкчылыктуу багыттарынын болушу менен экономикалык жактан негизделүүгө тийиш.

Ошонун негизинде жакынкы мезгилде комплекстүү функционалдык анализдин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ишканаларга карата чаралар көрүлөт:

Мамлекеттин катышуусундагы ишкердик субъектилерине карата төмөнкүлөр боюнча чаралар көрүлөт:

  • атаандаштык чөйрөсүндө иштеп жаткан акциялардын мамлекеттик пакеттерин жана стратегиялык эмес компаниялардын мамлекеттик үлүштөрүн менчиктештирүү 
  • операциялык иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бир катар компанияларды ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү;
  • башкаруу органдарына көз карандысыз директорлорду тартуу;
  • инфраструктураны өнүктүрүү үчүн инвестициялык долбоорлорду жана МЖӨ долбоорлорун демилгелөө.

Орто мөөнөттүү келечекте оптимизациядан кийин калган компанияларды бир нече мамлекеттик холдингдерге - башкаруучу компанияларга (Энергохолдинг, кен казуу ж.б.) өткөрүп берүү пландаштырылууда.

Ошол эле учурда, менчиктештирүү маселелери мамлекеттик түздөн-түз функцияларды аткарган жана калкка социалдык жактан маанилүү кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик социалдык объектилерге карата каралбай тургандыгын белгилейбиз. Бул объекттер министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында иштейт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу