Жеңиш күнүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине материалдык жардам көрсөттү

Новости
07-Май 2021-ж.
2300

Бүгүн 2021-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрдин биринчи орун басары Данияр Иманалиев, орун басары Эльдар Алишеров министрликтин жамаатынын атынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине материалдык жардам берип, ачык асман, ден-соолук, жана узак өмүр каалашты.

Д.Иманалиев белгилегендей, бул майрам баарыбыз үчүн өзгөчө. Бул улуттук биримдиктин, чексиз эрдиктин, баатырдыктын жана Мекенге болгон жан аябас сүйүүнүн эң жаркын белгиси.


“Силердин муун эң оор сыноолорду баштан кечирди, бардык жакшы нерселерге татыктуу. Согуш талааларынан кайтып келбегендер Сиздердин эсиңиздерде калышты, ошол унутулбаган оор күндөрдү эскерүү зарыл” - деп Д.Иманалиев ыраазычылык билдирди. 


Ардагер И.А.Зубов 98 жашта. Өзү жөнүндө Иван Александрович жылмаюу менен “бир аз укпайм жана көрбөйм” деди. Бирок эс тутуму жакшы, бардык даталар, убакыт, жерлердин аталыштары эң майда-чүйдөсүнө чейин эсинде, 70 жыл мурунку окуяларды кечээ эле болгондой айтып берди.

 “1941-жылы 3-июлда Сталин радиодон сүйлөп, бардыгын Мекенди коргоого чакырды. 4-июлда досум экөөбүз ыктыярчы катары катталдык. 7-июлда бизди Москвадан Фрунзе дивизиясынын 5-полкуна бекитишти – Иван Зубовдун аскердик жашоосу дал ушинтип башталган.


Эки жумадан кийин советтик жоокерлер өздөрү туткунга түшүштү: Москванын жанындагы шалбаалардын биринде аларды мотоцикл батальону курчап алган. Смоленскиден Беларуссияга чейин бизди, чоң колоннаны бир нече чакырым аралыкты басып өттүк. Алар алты күндө бир гана жолу тамак беришти. Жетинчи күнү Иван Александрович күзөтчүлөр бурулуп жатканда, кесилиште жайгашкан айылдардын биринде качып кетүүгө үлгүргөн.


1942-жылы май айында советтик аскерлер немистер басып алган айылдарды бошоткондо, жоокер кайрадан катарга турган. Ал 685-танкка каршы артиллериялык полкко жөнөтүлгөн. Артиллерист И.Зубов согуш жолдорун Москвадан Берлинге чейин басып өткөн. Андан кийин ал өзүнүн туулуп өскөн Ульяновск шаарына кайтып келди. 1956-жылы Фрунзе шаарына көчүп келген. Бишкектеги Айыл чарба институтунда фотограф болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыккан.


Д.Иманалив Иван Александровичти Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин атынан куттуктап, ден-соолук, бакубат жашоо жана майрамдык маанай каалап, конвертте материалдык колдоо көрсөттү.

1926-жылы туулган согуштун катышуучусу, тылдын эмгекчиси - Жигайлова Елена Петровнага Улуу Жеңиш майрамы менен чын жүрөктөн ыраазычылык жана куттуктоо сөздөрүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары Е Алишеров кесиптештеринин жана жеке өзүнүн атынан билдирди.

“Эмгектин аркасында эркиндикти, көзкарандысыздыкты, жаркын келечекке болгон ишенимди коргой алдыңыздар”. Елена Петровнага чың ден-соолук жана узак өмүр, бакыт жана бакубат жашоо каалады. Ошондой эле, гүлдесте акчалай жардам көрсөттү.

Биз Ата Мекенди коргогон, дүйнөнү фашизмден сактап калган ардагерлерибизге терең ыраазычылык менен башыбызды ийип, миллиондоп курман болгон жоокерлерибизди эскеребиз.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу