КР Экономика жана финансы министрлиги “Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө” ББ ТР 022/2011 №4 долбоорун коомдук талкууга чыгарат

Новости
03-Май 2021-ж.
3607

Министрлик Евразия экономикалык комиссиясынын https://docs.eaeunion.org/pd/ru-ru/0105861/pd_08042021 сайтына коомдук талкуу жүргүзүү үчүн Бажы бирлигинин “Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө” техникалык регламентине (ББ ТР 022/2011) аны колдонуу тажрыйбасын эске алуу менен техникалык регламенттин айрым талаптарын тактоо бөлүгүндө №4 өзгөртүүлөрдүн долбоору жарыялангандыгын маалымдайт.

Тамак-аш продукциясын маркалоодо Тамак-аш продукциясы аларга ылайык өндүрүлгөн жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документ жөнүндө маалымат көрсөтүүнүн зарылдыгы тууралуу маселени талкуулоо пландаштырылууда.

Өзгөртүүлөрдүн долбоорун коомдук талкуулоо - 2021-жылдын 21-июнуна чейин пландаштырылган. Түзөтүүлөрдүн долбооруна сын-пикирлер жана сунуштар ЕЭКке же Экономика жана финансы министрлигине коомдук талкуу аяктаган күндөн кечиктирилбестен кагаз жүзүндө берилиши мүмкүн.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу