Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө

Новости
29-Апрель 2021-ж.
3418

2021-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, С.К.Ибраев, О.Ж.Турдумамбетов, А.Ш.Осмонова менен биргелешкен жыйыны болуп өттү.

Бул жыйындын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык реформалар боюнча Кеңеш тарабынан жактырылган Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорунун концепциясы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана эксперттеринин демилгелүү тобу тарабынан иштелип чыккан салык системасын өркүндөтүү боюнча презентациясы сунушталды.

Талкуулоо процессинде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга адаптациялоо жана салык төлөөчүлөргө иш жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери каралды:

1) КНСтин суммасынын ашып кеткен ордун толтуруу жана кайтаруу механизмин жөнөкөйлөтүү;

2) салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сервистик ыкмасын киргизүү;

3) Кыргыз Республикасында салыктык талаш-тартыштарды кароого альтернативдүү ыкмаларды караштырган механизмди иштеп чыгуу;

4) эгерде салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде (Салык төлөөчүлөрдүн рейтингинде) белгиленген өзгөчө критерийлерге жооп берсе көчмө пландык текшерүүлөрдү жүргүзүүнү кайра карап чыгуу;

5) салыктык жөнгө салуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;

6) салык мыйзамдарындагы коллизияларды четтетүү жана салык төлөөчүнүн пайдасына талаш маселелерди чечүүгө багытталган так механизмди иштеп чыгуу.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгууга бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик органдардын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын биргелешкен катышуусу тууралуу чечим кабыл алынды. Ошондой эле жыйындын катышуучуларынын бардык айтылган сунуштарын эске алуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомство аралык жумушчу тобунун алкагында иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу