КР Экономика жана финансы министрлиги коомдук талкуулоо процессинде турган “КР Убактылуу Өкмөтүнүн мамлекеттештирүү жөнүндө Декреттери боюнча талаш маселелерди чечүү жөнүндө” жана “КР Жарандык прцесстик кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору менен болгон кырдаалды түшүндүрүүнү жана комментарий берүүнү зарыл деп эсептейт, анткени “Курманбек Бакиев өз мүлкүн кайтарып алабы? Өкмөт мыйзам долбоорун иштеп чыкты” аталыштагы макала kaktus.media.kg сайтында жайгашкан, ал окурмандарды жаңылыштыкка алып келүүдө, ал эми мыйзамдын долбоорунун максаты медиа мейкиндигинде туура эмес чечмелениши мүмкүн.
“Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мамлекеттештирүү жөнүндө Декреттери боюнча талаш маселелерди чечүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлунан тартып чечимдерин ишке ашыруу максатында гана иштелип чыккан, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө укуктук механизмдерди түзүүнү камсыз кылуучу акылга сыярлык мөөнөттө талаш мамилени боюнча Убактылуу Өкмөттүн Декреттерине Кыргыз Республикасынын жана калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү мыйзамдуу менчик ээлеринин мүлктүк укугун мүмкүндүк берүүчү субъекттери талаш мамилелерди ишке ашыруу укугун сот аркылуу коргоого укуктуу.
Алсак, Конституциялык палата убактылуу өкмөт тарабынан жүзөгө ашырылган улутташтыруу өзгөчө жагдайлар менен шартталгандыгын белгиленген. Негизги маанисине токтолсок, 2010-жылдагы мамлекеттештирүү мыйзамсыз менчиктеп алынган делген мүлктү сактап калууга жана мамлекеттик көзөмөлдү орнотууга багытталган. Конституциялык палатанын аталган Чечиминде конституцияга каршы чыккан Декреттер бул маселе үчүн маанилүү фактыларды изилдөөнү жана текшерүүнү талап кылат деген тыянакка келген. Конституциялык палатанын корутундусунун негизинде, “мыйзамсыз менчиктештирилген” деген жана кийин Убактылуу Өкмөттүн Декреттери менен мамлекеттештирилген мүлктүн ээлеринин арасында, “мыйзамдуу ээлер” болушу мүмкүн, алардын укуктары сот аркылуу калыбына келтирилиши мүмкүн.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 51-беренесине ылайык, Конституциялык палатанын актылары акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт. Конституциялык палатанын актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
Белгилей кетчү нерсе, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечиминин Өкмөт тарабынан аткарылбай калышы тууралуу маселеси 2014-жылдын 11-июлунда Жогорку Кеңештин токтомунун алкагында каралууда. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 10-беренесине ылайык, бузулган же талашылган жарандык укуктарды коргоо сот тарабынан процесстик мыйзамдарда белгиленген иштердин кароосуна ылайык жүзөгө ашырылат. Ошентип, демилгеленген мыйзам долбоору Конституциялык палатанын талабына ылайык, ак ниеттүү ээлери болгон жана менчик укугун калыбына келтирүү жөнүндө талаптарды койгон адамдардын арыздарын сот аркылуу гана кароонун укуктук механизмин түзүүгө багытталган.
Белгилүү болгондой Убактылуу Өкмөттүн мамлекеттештирүү жөнүндө Декреттери Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунуштарынын негизинде кабыл алынган.