Нарын облусу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча окутуу

Новости
26-Февраль 2021-ж.
2877

2021-жылдын 24-февралында Нарын облусу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча окутуу онлайн-семинары болуп өттү.

Бул семинардын максаты МЖӨ долбоорлорун даярдоо жол-жоболору, тендердик документтер жана тендер өткөрүү боюнча окутуу болду.

Семинарга айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу аппаратынын кызматкерлери жана жергиликтүү жамааттын башка өкүлдөрү катышты.

Семинардын жүрүшүндө МЖӨ долбоорлорун даярдоо бөлүмүнүн башчысы К.Джангелдиев жана МЖӨ долбоорлорун даярдоо бөлүмүнүн эксперттери тарабынан Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун жүзөгө ашыруунун мисалдары, ошондой эле жеке өнөктөштү демилгелөө, даярдоо жана тандоо жол-жоболору сунушталды.

Семинардын катышуучулары сунушталып жаткан объектилер үчүн жер тилкелери, ошондой эле ижара акысынын шарттары боюнча бир катар суроолорду беришти. Жер-жерлерде оффлайн семинарларды уюштуруу маселеси да көтөрүлдү. МЖӨ борбору ар бир талкууланган маселе боюнча түшүндүрмөлөрдү берди жана оффлайн семинарларды уюштуруу маселеси да жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иштелип чыгат.

Ошондой эле, семинардын алкагында мамлекеттик органдар менен жеке сектордун өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Семинар активдүү өттү, катышуучулардын ар бири сунуш кылынган бардык материалдар менен жетиштүү көлөмдө таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Өз кезегинде Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору аймактарда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин жайылтуу боюнча ишин улантып, МЖӨ долбоорлорун издөөгө жана демилгелөөгө көмөктөшөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу