Кыргызстандагы Креативдүү экономика концепциясы

Новости
08-Февраль 2021-ж.
7325

Акыркы жылдары креативдүү экономика дүйнөлүк экономиканын тез өнүгүп келе жаткан тармактарынын бири болуп калды. Кыргызстанда креативдүү экономиканы “жумшак инфраструктурага” жана билимге негизделген, узак мөөнөттүү капиталдык салымдарды талап кылбаган, калктын кирешесинин өсүшүнө жана калктын жумуш менен камсыз болушуна, экспорттун көбөйүшүнө жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн экономиканын келечектүү тармагы катары кароого болот.

Экономикалык иштин мамлекеттик классификаторунда Кыргызстандын креативдүү экономикасынын сектору ишмердүүлүктүн 12 тармагында (басма иши, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (анын ичинде компьютердик оюндар), музыка, сүрөт, коммуникация, архитектура, жарнама, дизайн жана мода, искусство, кино, зергерчилик) жана креативдүү индустриянын тармактык адистешүүсүнүн 20 түрүн камтыйт.

2021-2023-жылдарга креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы өлкөнүн экономикасына креативдүү индустриялардын кошкон салымын талдоону, республиканын креативдүү индустриясынын потенциалын баалоону жана орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын креативдүү экономикасынын өнүгүшүнүн көз караштарын камтыйт. 

Концепция экономикалык саясаттын инновациялык багытын өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн негиздерди түптөөгө арналган. Концепцияны ишке ашыруу келечектеги экономиканын жаңы тармагы катары креативдүү индустрия секторун өнүктүрүү үчүн негиздерди калыптандырууга мүмкүндүк берет жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот.

Креативдүү экономика.docx

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу