Кыргыз Республикасынын жеке жактарынын салык статусун (резиденттигин) ырастоо функциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилди

Новости
13-Январь 2021-ж.
4797

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну болтурбоо (четтетүү) жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча келишимдерди аткаруу тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилген.

Ошентип, КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-декабрындагы № 599 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жеке адамдарынын салык статусун (резиденттигин) ырастоо функциясы КРӨгө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-декабрындагы №599 токтому.docx

Көчүрүү.doc

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу