Аккредитациялоо боюнча илимий-техникалык комиссиясынын жана Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кеңештин шайкештикти баалоо боюнча илимий-техникалык комиссиянын кезексиз жыйыны болуп өттү

Новости
24-Декабрь 2020-ж.
2811

Экономика министрлигинде видеоконференция режиминде Аккредитациялоо боюнча илимий-техникалык комиссиясынын жана Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кеңештин шайкештикти баалоо боюнча илимий-техникалык комиссиянын кезексиз жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Макулдашууга катышкан мамлекеттердин: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Молдова Республикасынын, Россия Федерациясынын, Өзбекстан Республикасынын, ошондой эле КМШ Аткаруу комитетинин жана стандарт боюнча бюронун өкүлдөрү катышышты. АИТК жана ШБИТК кезексиз жыйындары биринчи жолу биргелешкен иш форматында өттү

МАКтын аталган жумушчу органдарынын жыйынынын алкагында, күн тартибине ылайык, “Бирдиктүү рынок жана техникалык тоскоолдуктар” бөлүмүнүн бөлүгүндө 2030-жылга чейинки мезгилге карата МАКтын Өнүгүү стратегиясын (мындан ары - МАК Өнүктүрүү стратегиясы) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу маселеси каралды. Документтин долбоорун иштеп чыгууда аны МАК Өнүктүрүү стратегиясында белгиленген стратегиялык максаттарга жетүү үчүн шарттарды түзүүнү камсыз кылган конкреттүү чаралар менен толтуруу принципиалдуу мааниге ээ.

Жыйындын катышуучулары улуттук органдардын сын-пикирлери жана сунуштары боюнча Пландын долбоорун толуктап иштеп чыгууну жана аны карап чыгуу үчүн видеоконференция режиминде 2021-жылдын февраль айында АИТК жана ШБИТКнын кезексиз жыйындарын уюштуруу максатка ылайыктуу деп эсептешти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу