Нарын облусунда “Ат-Башы сүт ЖЧК сүт комплексин куруу” биринчи кластерин түзүү күтүлүүдө

Новости
08-Сентябрь 2020-ж.
3559

“Ат-Башы Сүт” ЖЧК сүт-товардык комплексин куруу өзүнө өндүрүүчүнү гана эмес, ошондой эле агро-тейлөөнү да камтыйт, башкача айтканда 130 баш швейцариялык сүттүү бодо малдан турган ферма куруу. Ошону менен жаңы ыкмалар кошумча нарктын бүткүл тизмегин өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана калктын жогорку кирешелерин калыптандырууга өбөлгө түзөт. 2012-жылы түзүлгөн “Ат-Башы Сүт” ЖЧКсы сүттү кайра иштетүү боюнча эл аралык стандартка ылайык Голландия сырын, Чечил сырын, Моцарелло жана май өндүрүүгө адистешкен. Ишкананын кубаттуулугу суткасына 10 тонна сүт, күз-кыш мезгилинде чийки сүттүн жоктугунан, мезгил-мезгили менен өндүрүш токтоп турган. Кыш мезгилинде сүттүн көлөмү азаят жана региондордун калкынын көпчүлүгү сүттү өз керектөөлөрү үчүн гана колдонушат.

Эми сүт-товардык комплексин курууда ишкананын жыл бою иштөөсү үчүн бардык шарттар, ошондой эле кошумча 45 жаңы жумушчу орун түзүлөт.

Ошондой эле заводдун кубаттуулугун суткасына 20 тоннага чейин жеткирүү пландалууда.

Эгерде азыркы учурда жалпы көлөмдө сыр өндүрүүнүн көлөмү сезондо 70-80 тоннаны түзсө, анда өндүрүш жетиштүү көлөмдө чийки сүт менен камсыздалган шартта жылына жалпы көлөмү 200-300 тоннага чейин сыр өндүрүлүшү мүмкүн, натыйжада сүт азыктарынын ири көлөмүн, атап айтканда Голландия сырын экспорттоо күтүлүүдө.

Азыркы учурда “Ат-Башы Сүт” ЖЧК өндүрүшүндө HАССP ИСО 22000 системасын киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Өндүрүлгөн продукция Бишкек шаарында (“Ат-Башы Сүт” жеке дүкөнүндө жана айрым соода борборлорунда) жана Нарын шаарында ийгиликтүү сатылууда.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу