“Doing Business” эл аралык рейтингинде “Төлөөгө жөндөмсүздүктү чечүү” критерийи боюнча Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу жөнүндө

Новости
03-Март 2020-ж.
4086

Акыркы бир нече жыл аралыгында КР Экономика министрлиги тарабынан карыз тараптын төлөөгө жөндөмсүздүгүн жөнгө салуу жол-жоболорун оптималдаштыруу боюнча чаралар көрүлүүдө. Алсак, Дүйнөлүк Банктын “Doing Business 2019” изилдөөсүндө 2018-2019-жылдары Кыргыз Республикасы “Төлөөгө жөндөмсүздүктү чечүү” критерийи боюнча 4 позицияга өз көрсөткүчтөрүн жакшырткан, башкача айтканда 82-орундан 78-орунга көтөрүлгөн.

Атап айтканда, тармактык мыйзамдарга төлөөгө жөндөмсүздүктү чечүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган өзгөртүүлөр киргизилген:

- карызкорго (же анын атынан чыгып жаткан адамга, кудуретсиз жөнүндө иш боюнча башкаруучуга) ашыкча түйшүктүү контракттардан баш тартуу мүмкүнчүлүгү берилген;

- банкроттук процесси башталгандан кийин кудуретсиздик жөнүндө иш козголгонго чейин түзүлгөн төмөндөтүлгөн наркы менен бүтүмдөрдү бузуу демилгелөөгө мүмкүнчүлүк пайда болду;

- кредиторлор банкроттук процесстин жүрүшүндө жүрүшүндө карыз тараптын финансылык абалы жөнүндө маалыматка жетүүгө чоң мүмкүнчүлүк алышты.

Ошондой эле 2019-жылдын 31-декабрында Экономика министрлиги тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзам кабыл алынган.

Ушул Мыйзам “Төлөөгө жөндөмсүздүктү чечүү” критерийи боюнча ДБ “Doing Business” эл аралык рейтингинде өлкөнүн көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча иштин алкагында кезектеги демилге болуп саналат.

Жүргүзүлгөн реформалардын негизги максаты-бул карыз тараптын активдерин натыйжалуу башкаруунун механизмдерин максималдуу жакшыртуу, ошондой эле банкроттук процессинде кредиторлордун ролун жогорулатуу. Атап айтканда, коюлган милдеттерди чечүү үчүн мыйзам аркылуу төмөнкү ченемдерди киргизүү каралууда:

- мурда банкроттукка алып келген чарбакер субъекттердин натыйжасыз жетекчилерин администратор катары дайындоого тыюу салынат;

- банкроттук жол-жобону жүргүзүүнүн жүрүшүндө карыз тараптын активдерин ишке ашыруу шарттарын бекитүүдө кредиторлордун катышуу мүмкүнчүлүгү;

- карыз тарапты реструктуризациялоодо анын лицензиясы, соода маркалары жана автордук укуктары жаңы түзүлгөн юридикалык жакка карыз тарапка берилген ошол эле шарттарда өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү;

- карызкорду реабилитациялоого багытталган контракттарды аткарууну улантуу мүмкүнчүлүгү. Бул реабилитацияга мүмкүнчүлүгү бар ишканалар карыз тараптын жашоо-турмушу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдү берүү токтотулгандыгынан улам банкроттук жол-жобосу башталгандан кийин өз ишин токтотууга мажбур болгон учурдан качууга жардам берет;

- кредиторлор үчүн реабилитация планын бекитүүдө же реабилитациялоо долбоорунун ар кандай этабында аны өзгөртүүдө кредиторлордун чогулушунун жыйынына катышуу мүмкүнчүлүгү;

- кредиторлор үчүн кварталда бир жолу администратордун ишине жүргүзүлгөн иштер боюнча маалыматты угуу, ошондой эле банкроттук процессинин чыгымдарын бекитүү мүмкүнчүлүгү. Бул администраторлордун ишинин ачык-айкындыгын жогорулатат, ошондой эле банкрот учурунда администратор чыгымдарды азайтат;

- сот органдары жок болгон карыз тараптын банкроттук процессинде карызкор тапкан учурда атайын администрациялоо жол-жобосуна чыгымдарды өндүрүп алуу мүмкүнчүлүгүн алышты.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу