Экономика министрлигинде 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Коллегиянын жыйыны өттү

Новости
21-Февраль 2020-ж.
4855

2020-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин чоң залында министр Санжар Муканбетовдун, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы Алымбек Орозбековдун, Коллегия мүчөлөрүнүн, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча министрликтин Коллегиянын жыйыны өттү.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

- 2019-жыл үчүн КР Экономика министрлигинин ишинин жыйынтыгы;

- “Бизнести жүргүзүү” рейтингинде КР учурдагы позициясы;

- КР ЕАЭБдин ишин күчөтүү;

- КР мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн учурдагы кырдаалы, проблемасы жана өнүгүү келечеги;

- экономикага жана инвестициялык климатка салыктык талаш-тартыштарды чечүүнүн таасири;

- КР ЭМ караштуу Банкроттук иштер боюнча департаментинин иши жөнүндө;

- 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрликтин аткаруу тартибинин абалы жөнүндө.

Министр С. Муканбетов белгилегендей, 2019-жылы министрликтин ишинин жыйынтыгы боюнча өлкөдө макроэкономикалык жана социалдык туруктуулук камсыздалды, ИДПнын өсүшүнүн оң темптерине жетишилди (ИДПнын реалдуу өсүү темпи - 4,5% ды түздү, “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо – 3,8%).

Экономикалык өсүш экономиканын бардык негизги секторлору тарабынан камсыздалды, анын ичинде: айыл чарбасында көлөмдөр 2,6 %га; өнөр жайда - 6,9%га, курулушта - 10,6 %га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 2,9 %га - реалдуу өстү.

Андан соң министрдин орун басары Автандил Алыбаев маалымдагандай, өнөр жай сектору ИДПнын өсүшүнө негизги салымды кошту, ал 6,9 %га реалдуу өсүш темпи менен ИДПнын 1,27 пайыздык пунктун түзгөн, негизинен Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларда металл иштеп чыгуунун өсүшүнүн эсебинен, ошондой эле кызмат көрсөтүү чөйрөсү ИДПга кошкон салымы 2,9% реалдуу өсүш темпи менен 1,35 пайыздык пунктту түздү.

2019-жылга КР Өкмөтүнүн планында төмөнкүлөр каралган: 118 тапшырма; 214 максаттуу индикаторлор жана 473 иш-чаралар. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн планы 88,4% га аткарылды. 418 иш-чаралар (жалпы чаралардын санынан 88%) - аткарылган, 54 иш-чаралар (пландын 12 %ы) - аткарылган эмес, 1 иш-чара контролдон алынган.

2019 - жылдын жыйынтыгы боюнча КР Өкмөтүнүн 2019-жылга карата планы Экономика министрлиги тарабынан 37 иш-чарадан 35 иш-чара, башкача айтканда 95 % ы аткарылган.

2019-жылы экономиканын негизги жетишилген натыйжалары:

- ишкерлерди колдоону жүзөгө ашыруу үчүн ишкерлерди колдоо борборлору түзүлөт;

- Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Каракол шаарларында ишкерлерди колдоо боюнча алгачкы борборлор иштей баштады;

- коррупциялык жосундарды жана /же ишкердик субъекттеринин укуктарын жана /же башка мыйзамдуу кызыкчылыктарды бузууларды алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындуулугуна көмөк көрсөтүү үчүн Бизнес-омбудсмендин иши башталды; ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына жеткирүүлөрдү ишке ашыра турган 102 кыргыз ишканасы ишканалар реестрине киргизилген;

- ЕАЭБдин шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдардын бирдиктүү реестрине 37 аккредиттелген сыноо лабораториялары киргизилген;

- пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө бирдей укуктарды камсыз кылуу, мүчө мамлекеттердин аймагында сатылып алынган Пенсиялык укуктарды коргоо, ошондой эле өлкөлөрдүн ортосунда пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү максатында ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө Макулдашууга кол коюлган жана иш аяктаган;

- региондордо мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагында калкты тейлөөнүн 20 борбору (КТБ) иштейт.

Айыл аймактарында 387 маалыматтык күркөлөр иштейт (ИК);

- мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында бир катар салыктык жеңилдиктерди берүүнү караган ЧУА кабыл алынган:

- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо процессинде жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана мөөнөттөрдү кыскартуу максатында “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынган.

Мындан тышкары Дүйнөлүк банктын “Бизнес жүргүзүү-2020” отчетунун жыйынтыктары каралды, анда рейтингде позициялардын начарлашынын себептери белгиленди. Инвестициялык бөлүмүнүн башчысы Алиаскар Тургунбаев Экономика министрлигинин жана башка министрликтер менен ведомстволордун рейтингдеги абалды жакшыртуу боюнча, ошондой эле 2019-2020 -жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген “Бизнести жүргүзүүнү” жакшыртуу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча иштин жыйынтыгы жөнүндө маалымат берди. Жыйынтыгында рейтингди жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар сунушталды.

Отчетко ылайык, 2018/19-жыл аралыгында КРда төмөнкү 3 жаатта реформалар жүргүзүлдү:

“Салык салуу” индикатору боюнча Кыргыз Республикасы 117-орунду ээлеп, 33 позицияга жогору көтөрүлгөн. Бул, биринчи кезекте, отчеттуулук жана салык төлөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө байланыштуу.

“Кредиттерди алуу” индикатору боюнча 15-орунду ээлеп, 17 позицияга жогору көтөрүлгөн. Бул оң жылыштар кредиттик бюролордун иштөө системасын жакшыртуу менен байланыштуу.

“Энергия менен жабдуу системасына кошулуу” индикатору боюнча Кыргыз Республикасы 143-орунду ээлеп, 21 позицияга жогору көтөрүлгөн.

Бул инфраструктураны өчүрүү жана жогорулатуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү менен шартталган.

ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын начальниги Нуржамал Ильясова белгилегендей, КР ЕАЭБдин ишин күчөтүү боюнча азыркы учурда Экономика министрлиги Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана коллегиясынын, ошондой эле ЕЭКтин башка консультациялык жана эксперттик органдарынын жыйындарына даярдык көрүү боюнча иш чараларды кошкондо, ЕАЭБ алкагында мамлекеттик органдардын ишин координациялоо процессинде өлкөлүк позицияны түзүү боюнча негизги орган болуп саналат.

ЕАЭБде өлкөлүк кызыкчылыктарды коргоо маселесин чечүү үчүн, Евразия долбооруна катышууда чоң тажрыйбасы бар башка ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин экономикаларынын улуттук министрликтеринин системасында жетиштүү сандагы кызматкерлер бар евразиялык интеграция департаменттери түзүлөт (Россия Федерациясы жана Беларусь Республикасы), ал эми Казакстан Республикасында 2019-жылы соода жана интеграция министрлиги түзүлгөн.

Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана перспективаларынын учурдагы кырдаалы жөнүндө КР ЭМ караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Данияр Абдылдаев билдирди. Ал белгилегендей, түзүлгөн МЖӨ борборунун милдети болуп жеке инвестицияларды тартуу жана МЖӨ механизмдерин колдонуу менен жеке сектордун башкаруу тажрыйбасы аркылуу КРда мамлекеттик жана муниципалдык инфраструктуралардын МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү, колдоо, мониторинг, МЖӨ долбоорлорун издөө болуп саналат.

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасында МЖӨнүн 29 долбоору бар, алар саламаттык сактоо, транспорт, маданият, туризм, билим берүү жана 3 долбоор ишке ашуу стадиясында турат.

2020-жылга негизги артыкчылыктар төмөнкүлөр:

- 5 кол коюлган МЖӨ макулдашуулары;

- 10 даярдалган МЖӨ долбоорлору;

- 20 демилгеленген МЖӨ долбоорлору;

- Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын окутулган 200 кызматкерлери.

Экономикага жана инвестициялык климатка салыктык талаш-тартыштарды чечүүнүн таасири маселеси боюнча Экономика министрлигинин серепчиси Андрей Красников чыгып сүйлөдү. Анын айтымында, айрым салыктар салык базасын эсептеп чыгарууда жетиштүү болот. Алар негизинен КНС, киреше салыгы, сатуудан салык, акциздик салык жана башкалар кирет. Алар боюнча салык төлөөчүлөр жана салык органдарынын ортосундагы салыктык талаш-тартыштар көп кездешет.

Азыркы учурда салык салуу чөйрөсүндө кыйын кырдаал түзүлдү: инвесторлор каражатты салуу үчүн өлкөнүн жагымдуулугун төмөндөткөн жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүн кечеңдеткен фактылар бар. 

КР ЭМ алдындагы Банкроттук иштер боюнча департаментинин ишмердүүлүгү боюнча директордун орун басары Эркин Бакиров маалымат берди. Анын билдирүүсү боюнча 2019-жылы банкроттук процессти демилгелөөгө 30 арыз келип түшкөн, анын ичинде салык органдары тарабынан - 19 арыз, Социалдык фонддун бөлүмдөрү тарабынан - 1 арыз, Мамматрезервдер фонду тарабынан - 2 арыз, КР ГАУБ - 4 арыз жана жеке менчик кредиторлор тарабынан - 4 арыз. 30 арыздан 3 карыз тарап боюнча материалдар “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш келбегендигине байланыштуу кредиторлорго кайтарылып берилген, 2 арыз ээлери тарабынан кайра сурап алынган, калган 25 материал сот органдарына өткөрүлүп берилген, алардын 12и банкрот деп табылган.

2019 – жылы 61 карыз тарапты банкрот деп таануу жөнүндө соттун чечими келип түшкөн, алардын 30у Департаменттин арыздары боюнча, 20сы – жеке жактардын арыздары боюнча жана 11и карызкорлордун өздөрүнүн арыздары боюнча банкрот деп таанылган. 1 карыз тарап кредиторлордун чогулушунда банкрот деп жарыяланган.

Коллегиянын соңунда 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча министрликтин аткаруучулук тартибин кароо өттү. Статс-катчы Айдин Шаршеев маалымдагандай, аталган мезгил ичинде министрликте документ жүгүртүү болгону 71803 бирдикти түзгөн, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8% га же 6039 бирдикке көбөйүү байкалат.

Министрликте белгиленген формалар жана даталар боюнча документ жүгүртүүнү талдоо жүргүзүлөт жана алардын негизинде отчеттор берилет, анда контролдук тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшү, узартуу, демилгеленген, кайтарылган жана кайра алынган ЧУА динамикасы көрсөтүлөт. Ошондой эле жогорку органдардан келип түшкөн документтердин түрлөрү боюнча документ жүгүртүүгө талдоо жүргүзүлүүдө.

2019-жылы 6702 контролдук тапшырмалардын ичинен 6037 документ же 5,96% ы өз убагында аткарылган, өткөн 2018-жылга салыштырмалуу көбөйгөн.

Жогору турган органдардан 1 жана /же 3 күндүк аткаруу мөөнөтү менен келген 6702 контролдук документтердин ичинен 1325 тапшырманы аткаруу 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда (2018-ж. - 1390 бирдик) көрсөткүч 4,91 %га азайган.

2019-жылы министрлик тарабынан мыйзам долбоорлору, КР Өкмөтүнүн чечимдери -289 демилгеленип, 128, 212 ченемдик укуктук актылар кабыл алынган, алардын ичинен: 75 токтом, 32 буйрук жана 77 мыйзам долбоорлору.

Жогоруда аталган маселелерди карап чыгуунун негизинде, келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен, Коллегия 2019-жылдын министрликтин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын эске алды. Жалпысынан министрлик тараптан көлөмдүү иштер жүргүзүлдү жана үстүбүздөгү жылы да бардык коюлган максаттарга жетүү үчүн эки эсе энергия жана энтузиазм менен иштөө алдыда турат, - деп белгиледи министр С.Муканбетов.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу