2019-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жүрүшүндө Экономика министри Санжар Муканбетов Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана жыл аягына чейинки милдеттер тууралуу маалымат берди. Негизги багыттарды жана көйгөйлүү маселелерди көтөрдү.
Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы катары өлкөдөгү макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукту камсыздоо, ИДПнын оң темпине жетишүү болуп калды.
Өлкөнүн өнүгүшү дүйнөлүк сооданын бара-бара басаңдашынын траекториясынын уландысы, чыга түшкөн “соода согуштары”, анти-россия санкцияларын кеңейтүү шарттарында өттү; АКШ ФРС акча-кредит саясатын жумшартуу (базалык коюмду төмөндөтүүнү улантуу), Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөш-өлкөлөрүндө сандык жеңилдетүүнүн, капиталдын агылып кетишинин, экономикалык өсүштүн программасын жаңылоо (2019-жылдын январь-ноябрында өсүш Россия Федерациясында 1,3 %, Беларусь Республикасында-1,1 %, Казакстан Республикасында-4,4 %, Армения Республикасында – 7,9 га % (маалыматтар 2019-ж. 9 айы үчүн) жана инфляциялар (Россия Федерациясында - 3,0%, Кытай - 4,5 %, Беларусь Республикасында - 4,7 %, Казакстан Республикасында - 5,4 %, Армения Республикасында - 0,7 %) ж.б.
УСКнын алдын ала баалоосу боюнча, 2019 - жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 590,0 млрд сом суммасында түзүлдү жана өсүш реалдуу темпи 4,5% ды түздү(2018-жылы 103,8% түздү), Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда өсүш темпи 103,8% ды түздү (2018-жылы-103,7 %).
2019-жылы экономикалык өсүштүн күтүлгөн деңгээлине жетишти жана иш жүзүндө 0,5 пайыздык пунктка көбүрөөк түзүлдү, бул “Кумтөр Голд Компани” ЖАКынын жана “Алтынкен” ЖЧКнун өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн көбөйүшү, ошондой эле металл рудаларын казып алуунун жогорулашы менен байланыштуу.
Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору менен камсыздалды: айыл чарбасында көлөмдөр 2,6% га, курулушта - 10,6% га, өнөр жайда - 6,9% га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - 2,9% га реалдуу өстү.
Координацияланган акча-кредиттик жана салыктык-бюджеттик саясатты жүргүзүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасында инфляциянын деңгээли максаттуу мааниден 5-7% ашкан эмес. Инфляциянын деңгээли 103,1% ды түздү (өткөн жылдын декабрына карата 2019-жылдын декабры), инфляциянын орточо жылдык мааниси 101,1% ды түздү (2018-жылдын январь-декабрына карата 2019-жылдын январь-декабры).
Экономиканы жеңилдетилген кредиттөө боюнча өкмөт менен Улуттук банктын колдоо каражаттарын кеңири колдонуу банк секторуна түрткү берди, натыйжада кредиттин экономикага 14,9% га өсүшү камсыз кылынды (2019-жылдын декабрь айынын аягына карата 150,0 млрд сомду түздү).
Салык-бюджеттик саясат жагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар мамлекеттик бюджеттин тартыштыгынын өлчөмүн максаттуу багыттан 3% ашпаган деңгээлде кармап калууга көмөк көрсөттү. Акыркы жылдардын аралыгында мамлекеттик карыздын деңгээлин бара-бара кыскартуу боюнча курс сакталып калууда, ал 2019-жылдын 30-ноябрына карата ИДПга карата 52,4% ды түздү.
Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн оң динамикасы өкмөткө социалдык коргоо жана пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттин бардык пландаштырылган милдеттенмелерин өз убагында аткарууну камсыз кылууга мүмкүндүк берди.
2019-жылдын январь-ноябрында бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда), 16 586,0 сомду түздү жана 5,3 % га көбөйгөн (2018-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу), ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген анын реалдуу өсүшү 4,3% ды түздү.
Алдын ала маалыматтар боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 2020-жылдын 1-январына карата 5723,0 сомду түздү жана өткөн мезгилдин ушундай мезгилине салыштырганда 2,5% га көбөйдү.