Өнөктөштөргө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин атынан ыраазычылык кат тапшырылды

Новости
12-Декабрь 2019-ж.
4180

2019-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министрдин орун басары Автандил Алыбаев тарабынан “Кыргыз Республикасында туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү” эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) Программасынын жетекчиси Фредерик Обертюр мырзага ыраазычылык кат тапшырылды.

2016-жылдан баштап 2019-жылга чейинки мезгилде Ф. Обертюр “Туруктуу экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшүү” программасын ишке ашыруунун алкагында тамак-аш коопсуздугун (кургатылган кара өрүк, жашылча, уй этин) камсыздоонун, экспортту жана региондорду өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча кошумча нарк тизмегин өнүктүрүү боюнча ишти жетектеген.

Атап айтканда, программаны ишке ашыруунун алкагында аны координациялоодо 1334 фермер/үй чарбалары тартылган.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 549 фермер өз кирешелерин 84% га көбөйтө алды.

GIZ колдоосу менен төмөнкүлөр экспорттолду: Европага 60 тонна кургатылган кара өрүк, Россия Федерациясына жана Казакстанга 510 тонна сорттолгон жана өлчөп салынган болгар калемпири.

Мындан тышкары GIZ ишинин башка багыттарынын алкагында Ф. Обертюр мырза тарабынан КР Экономика министрлигине жана башка өнөктөштөргө:

- 2019-2022-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда жана бекитүүдө;

- Кыргыз Республикасынын жашыл экономикасын өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда (2019-2023-ж.ж.);

- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) секторунун жол картасын жана МКТ технопаркынын администрациясы үчүн иш-аракеттер планын иштеп чыгууда көмөк көрсөткөн.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу