Кыргызстанда экспорттук контроль боюнча маалымдама басылып чыкты

Новости
02-Декабрь 2019-ж.
4500

КР Экономика министрлиги тарабынан тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларын Кыргызстанда кош багыттагы товарларды сатууда экспорттук контролдун талаптары жөнүндө маалымдоо боюнча түшүндүрүү иштеринин алкагында Экспорттук көзөмөл боюнча маалымдама басылып чыкты жана презентацияланды

Маалымдама экспорттук контроль чөйрөсүндөгү эксперттер тобу жана Эл аралык илимий-техникалык борбордун колдоосу менен экспорттук контроль боюнча борбор тарабынан даярдалган.

Маалымдаманын бетачарына мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана экспорттук-импорттук операциялар менен алектенген тышкы экономикалык иштин катышуучулары катышышты.

Кыргыз Республикасынын экспорттук контролдоонун улуттук системасы, массалык кыргын салуучу куралды таратпоо чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер, экспорттук контролдун эл аралык режимдери, аталган чөйрөдө колдонуудагы мыйзамдар жөнүндө кеңири маалымат берилген.

Ошондой эле лицензиялоону жүзөгө ашыруу, уруксат документтерин берүү жол-жоболору, контролдонуучу товарларды акыркы пайдаланууну контролдоо жол-жобосу, бажы контролунун жол-жоболору, акыркы пайдалануучунун сертификатын берүү, ички контролдун жол-жобосу баяндалган,

Бул маалымдама, тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларына, экспорттук контролдун негизги жоболору жана принциптери менен таанышуу жана экспорттук контроль чөйрөсүндө мыйзамдарды багыттоо үчүн практикалык жардам көрсөтүү.

Мындан тышкары, маалымдамада ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча жооптуу адамдардын тизмеси жана экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тууралуу маалымат берилди.

Маалымат үчүн:

Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы токтомуна ылайык Кыргыз Республикасында экспорттук контролду ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 2017-жылдын 24-июлундагы токтому менен Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер планын координациялайт. 1540-резолюцияны аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер планынын милдеттеринин бири Кыргыз Республикасында экспорттук контролдоо жөнүндө ТЭИ катышуучуларынын маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу