Статс-катчы А. Шаршеев башында турган КР делегациясы Ашхабаддагы БАЭАП экономикалык форумуна катышууда

Новости
21-Ноябрь 2019-ж.
3993

2019-жылдын 18-21-ноябрларында Ашхабад шаарында Борбор Азиянын экономикалары үчүн БУУнун атайын программасынын (БАЭАП) экономикалык форуму өтүп жатат.

2019-жылы Түркмөнстан программанын өлкө төрагасы болуп саналат.

Форумдун максаты аймактардагы түйүндү жакшыртууга багытталган панель сессияларынын алкагында дискуссияларды активдештирүүгө багытталган: туруктуу өсүштү камсыз кылууда адамдардын жана товарлардын кыймылын жөнөкөйлөтүү максатындасоода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү пайдалануу жана адамдар, ишканалар, өндүрүштүк-сатып өткөрүү түйүндөрү, жөнгө салуучу органдар, маалыматтык системалар, логистика, соода-транспорттук инфратүзүм ортосундагы байланышты камсыз кылуу үчүн транспортту туруктуу өнүктүрүү.

Ошондой эле, аймактык демилгелер/стратегия, аны ишке ашыруу боюнча чараларды аныктоо, транзиттик режимди өркүндөтүү боюнча идеяларды иштеп чыгуу, трансчегаралык өндүрүштүк-сатуу тутумдарын түзүүгө көмөктөшүү үчүн соода тоскоолдуктарын төмөндөтүү, БАЭАП субаймакты өзгөртүп түзүү боюнча сунуштарды даярдоо, ошондой эле ТӨМгө жетишүү үчүн бул стратегиялык сунуштарды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иштер аякталды.

Азыркы учурда БАЭАП ушундай аймактык кызматташтыктын негизинде кыйла натыйжалуу жетишүүгө мүмкүн болгон туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарды (ТӨМ) ишке ашыруу боюнча кызматташуу үчүн платформа катары кызмат кылат.

Кыргыз тараптан делегацияны Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Статс-катчысы Айдин Шаршеев жетектеди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу