Министрдин орун басары А. Алыбаев ЭВФ өкүлдөрү менен болгон жолугушууда экономикалык өнүгүүнүн перспективаларын талкуулады

Новости
21-Ноябрь 2019-ж.
3947

2019-жылдын 20-ноябрында КР Экономика министрлигинде министрдин орун басары Автандил Алыбаевдин Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Кристиан Жос баштаган эл аралык миссиясы менен ошондой эле, ЭВФнын визитинин алкагында миссиянын мүчөлөрү - ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү департаментинин директорунун орун басары Субир Лал жана ЭВФтин Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Тиррад Погосян менен жолугушту.

Бул миссиянын максаты болуп акыркы экономикалык тренддерди жана перспективаларды талкуулоо саналат.

Министрдин орун басары өлкөдөгү учурдагы экономикалык абал тууралуу кеңири маалымат берип, орто мөөнөттүү мезгилдеги экономикалык өнүгүүнүн келечектерине жана өнүгүүнүн улуттук программаларын ишке ашыруу боюнча экономикалык реформаларга токтолду.

Салык жеңилдиктери жана бошотуулар жөнүндө, салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун талдоо, чек арада экспорттук контроль, өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү жана калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу ж.б. маселелерди талкуулоо министрдин орун басары ар бир маселеге кенен токтолуп, ал боюнча толук маалымат берди.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу