Жашыл экономика жана химиялык коопсуздукту камсыздоо

Новости
14-Ноябрь 2019-ж.
4135

Кыргыз Республикасында 2019-жылдын 13 – ноябрында жашыл экономика жумалыгын өткөрүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин чоң залында “Жашыл экономика жана химиялык коопсуздукту камсыз кылуу” иш чарасы өттү.

Тегерек стол “Химиялык заттар жана калдыктар менен байланышкан эл аралык келишимдерди улуттук деңгээлде жүзөгө ашыруу үчүн дараметти чыңдоо” демилгесинин алкагында Экономика министрлиги менен “Көз карандысыз экологиялык экспертиза” коомдук бирикме менен биргеликте өткөрүлдү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, жеке менчик уюмдардын, жарандык сектордун өкүлдөрү катышышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев жана Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев чыгып сүйлөштү.

Министрдин орун басары А. Алыбаев өз сөзүндө экологиялык багыттагы бизнести өнүктүрүү, ресурстарды үнөмдөөнүн эсебинен бакубаттуулукту жогорулатуу, жаңы, экологиялык жактан алгылыктуу технологияларды жана чийки заттарды колдонуу, кайра пайдаланылуучу чийки заттарды кайра иштетүү, коомдук экологиялык көз карашты калыптандыруу жана Кыргызстандын табигый ресурстук потенциалын сактоо үчүн келечектеги муундардын алдында жоопкерчиликти аңдап-түшүнүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле “Көз карандысыз экологиялык экспертиза” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү презентация жасашты.

Иш-чаранын алкагында туруктуу өндүрүш жана керектөө, жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жеке сектордун катышуусу, жашыл экономиканын принциптерин эске алуу менен химиялык заттарды жана калдыктарды жүгүртүү жаатында болгон мыйзам демилгелеринин катышуусу сыяктуу маселелер, ошондой эле ошондой эле химиялык заттардын турмуштук бардык жолдорунда химиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери чагылдырылды жана талкууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө ага катышкандар ой-пикирлери жана сунуштары менен алмашышты, жашыл экономиканын жана химиялык коопсуздуктун симбиозу үчүн көйгөйлөр жана идеялар аныкталды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу