КР МЖӨ тармагындагы акыркы өзгөрүүлөргө арналган Тегерек стол Экономика министрлигинде өттү

Новости
31-Октябрь 2019-ж.
4308

2019-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министрдин орун басары Султан Ахматовдун катышуусундаМЖӨ жөнүндө мыйзамынын жаны редакциясы, МЖӨ Борборун түзүү жана БУУнун Европа Экономикалык Комиссиясы (БУУ ЕЭК) МЖӨ эл үчүн моделин кыргыз мыйзамдарына ылайык келтирүү боюнча тегерек стол өттү.

Тегерек столдо докладчы катары БУУ ЕЭКтин МЖӨ боюнча экономикалык кызматташтык жана соода бөлүмүнүн кызматкерлери Тони Бонничи жана Антонин Менего мырзалар, эл аралык финансы корпорациясынын өкүлдөрү жана МЖӨ жаатындагы алдыңкы эксперттер чыгып сүйлөштү. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында МЖӨнүн ишке ашырылып жаткан долбоорлору тааныштырылды.

Тегерек стол БУУнун Европалык Экономикалык Комиссиясынын кызматташтыгында жана МЖӨ чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын адистеринин жана бизнес коомчулуктун жана кызыкдар жактардын кеңири чөйрөсүнүн катышуусу менен уюштурулган.

Ачык талкуунун жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары пикир жана эксперттик баа берүүлөр менен алмашышты. МЖӨ тууралуу жаңы мыйзамдын негизги мүнөздөмөлөрүн, МЖӨ түзүлгөн борборунун ролун жана функцияларын, МЖӨ үчүн жаңы эл аралык ыкмаларды кароого көп көңүл бурулган.

Ошондой эле тегерек столдун алкагындагы талкулоонун негизги темасы: Кыргыз Республикасынын МЖӨ жөнүндөгү мыйзамдарынын принциптерин көзөмөлдөө, социалдык багыттагы МЖӨ үчүн жетектөөчү принциптер менен БУУнун туруктуу өнүктүрүү жатындагы максаттарын колдоодо жана социалдык багыттагы МЖӨ жаатына акыркы өзгөрүүлөр менен айкалыштыруу болду.

БУУнун Европалык Экономикалык Комиссиясынын МЖӨ соода боюнча жана экономикалык кызматташтык бөлүмүнүн кызматчылары жана башка МЖӨ чөйрөсүндөгү башкы эксперт катышышты. Мындан тышкары ийгиликтүү ишке ашкан Кыргыз Республикасынын МЖӨ долбоорлору көрсөтүлдү.


Иш-чаранын жыйынтыгында суроо-жооптордун пландаштырылган раунду өттү, анда угуучулар бир катар практикалык кенештерди алышты жана суроолоруна жооп табышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу