Айыл чарба продукциясынын коопсуздугун тастыктоо жөнүндө коштоочу документтерди даярдоо үчүн тизме

Новости
23-Октябрь 2019-ж.
8010


Ата мекендик экспорттоочуларды колдоо максатында КР Экономика министрлиги Айыл чарба продукциясынын коопсуздугун ырастоо жөнүндө коштомо документтерди даярдоо үчүн тизмени сунуш кылат. Анда баяндалган кадамдарды ЕАЭБ өлкөлөрүнө жашылча-жемиштерди жана кургатылган жемиштерди тоскоолдуксуз экспорттоо үчүн колдонуу зарыл.

Ата мекендик экспорттоочулар!

ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортко арналган Продукция Бажы бирлигинин “Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” жана “Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө” техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. Жүктү жөнөтүү алдында шайкештигин тастыктоо үчүн төмөнкү иштерди аткаруу зарыл.

  1. АЧТММга караштуу өсүмдүктөр карантини департаментинин

фитосанитардык сертификатын алуу.

  1. Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдардын бирдиктүү реестрине киргизилген аккредитацияланган сыноо лабораторияларында продукцияга сыноо жүргүзүү.
  2. Шайкештик жөнүндө декларацияны толтуруу жана ага далил материалдарды тиркөө:

- юридикалык жак же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

- мөмө-жемиштер жана кургатылган жер-жемиштер менен келген керектүү документтердин тизмеси;

- жашылча-жемиштерди, кургатылган жер-жемиштерди сыноо протоколдору;

- контракт (жеткирип берүүгө келишим) же товарды коштоочу документтер.

4. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде же аккредитациялоо тармагына ылайык продукцияны сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органдарда шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо.

5. “Тамак-аш продукциясын аны маркалоо бөлүгүндө” (ББ ТР 02/2011) техникалык регламентинин талаптарына ылайык жашылчаларды, жемиштерди жана кургатылган жемиштер менен маркалоону жүргүзүү.

6.Жашылча, жемиш жана кургатылган мөмө-жемиштерди таңгактоого же коштоочу документтерге продукциянын бирдиктүү белгисин түшүрүү.

Жогоруда саналган бардык пункттардын аткарылышы фактысы боюнча продукцияны экспортко жөнөтүүгө болот. Ошол эле учурда жүктү коштоп жүргөн адам, катталган шайкештик жөнүндө декларациянын, фитосанитардык сертификаты, ошондой эле бардык башка товар коштоочу зарыл документтердин түп нускаларынын колдорунда бар экенин текшерүү маанилүү

Айыл чарба продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөтүү

Шайкештикти баалоо жол-жоболору

Эскертүү

Продукция Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык келүүгө тийиш: ББ “Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” ББ ТР 021 2011, “Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө ББ ТР 002/2011, “Таңгактын коопсуздугу жөнүндө” ББ ТР 005/2011


Фитосанитардык сертификатты алуу

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин аймактык бөлүктөрүнөн алууга болот

Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдүн карантини башкармалыгы:

- Бишкек ш., Маяковский көч, 60 (Совет - БЧК), т. 0 312 376638, e-mail: chuybish_uprkar@mail.ru;

- Бишкек ш., Дэн Сяопин көч, 302/1, Дордой-Дыйкан” б-ры;

- Бишкек ш., Кронштадт көч, 15 а, Сары-Өзөн” б-ры (Администрациянын имараты);

- Чүй обл., Москова р-ну., Ак-Суу айылы, Шолохова көч, 14/1, Кыргызцентродукт логистикалык борбору


Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Ош башкармалыгы:

- Ош ш, Исанова көч. 42, т. 0322242286, 

e-mail: osh_uprkar@mail.ru.

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Жалал-Абад башкармалыгы:

- Жалал-Абад ш., Нефтяников көч, 11, т. 0372250055, e-mail: ja_uprkar@mail.ru.


Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Талас башкармалыгы:

- Талас ш., А. Огонбаев көч, 11а/13, т. 0342253648, e-mail: talas_uprkar@mail.ru;

- Кара-Буура р-ну, Кызыл-Адыр айылы, Сатыбалдиев көч, 22, т. 0345626114.


Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Ыссык-Көл башкармалыгы:

- Кара-Кол ш., Кутманалив көч, 118, 3-каб., 22-каб, т. 0392255053, e-mail: ik_uprkar@mail.ru;

- Балыкчы ш., Совет көч, 1, Экопост Ак-Кеме.


Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Баткен башкармалыгы:

- Баткен ш, Раззаков көч. 13/1, т. 0362250663, e-mail: batken_uprkar@mail.ru.

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Нарын башкармалыгы:

- Нарын ш., Ленин көч, 101/16, т. 0352253374, e-mail: n_uprkar@mail.ru.


Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялар

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Борбордук лаборатория:

- Бишкек ш., Маяковский көч, 60 (Советский - БЧК), т. 0 312 376321, e-mail: karamat71@mail.ru

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Ош лабораториясы:

- Ош ш., Исанов көч, 42, т. 0322242850, e-mail: olkr21@mail.ru.

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Талас лабораториясы:

Кара-Буура р-ну, Кызыл-Адыр а-ы, Сатыбалдиев көч, 22, т. 0345626114, e-mail: talaslabkar@mail.ru

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Ыссык-Көл лабораториясы:

Түп р-ну., Түп а-ы, Манас көч, 124, т. 03945526221, e-mail: Iklab17@mail.ru.

ЕАЭБдин сертификатташтыруу жана сыноо лабораториялары боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген аккредитацияланган лабораторияларга сыноолорду өткөрүү

Аккредитацияланган ТК реестрин Кыргыз аккредитациялоо борборунун сайтынан көрүүгө болот www.kca.gov.kg

Шайкештик жөнүндө декларацияны толтуруу.

Декларациялоодо далилдик материалдар:

- юридикалык жак же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

- жашылча-жемиштерди, кургатылган жер-жемиштерди сыноо протоколдору;

- контракт (жеткирип берүүгө келишим) же товарды коштоочу документтер


Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо.

Декларацияны оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин аймактык бөлүмчөлөрүндө же ЕАЭБдин сертификация жана сыноо лабораториялары боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органдарда каттаса болот (акысыз).

Аккредитацияланган КК реестрин Кыргыз аккредитация борборунун сайтынан көрүүгө болот www.kca.gov.kg

“Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө” ББ ТР 02/2011 ББ Техникалык регламенттин талаптарына ылайык айыл чарба продукциясын маркалоо

Карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын Аталышы, ал чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана (же)-реэкспортере жөнүндө маалыматты камтыган маркалоо болууга тийиш.

Продукциянын таңгакка же айыл чарба продукциясынын коштоочу документтерине кайрылуунун бирдиктүү белгисин жазуу

Арыз ээси тарабынан колдонулат

Продукцияны жөнөтүү (шайкештик жөнүндө катталган декларациясына ээ болушу керек).


Фискалдык органдарды контролдоону ишке ашыруу

Эскертүү

Юридикалык жак же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтердин болушу

Экономикалык иш максатында товарларды импорттоону жүзөгө ашырууга ниеттенген импортер салыктык катталган жери боюнча тиешелүү салык органына “ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн” деген белги менен салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкат алууга арыз берет. Салыктык каттоонун бар экендиги жөнүндө маалымкаттын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет. Салык органы арызды карап чыгат жана салык кызматынын маалыматтык системасында импорттоочунун салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерет. Салык органы арызды кабыл алгандан жана салыктык каттоо фактысын аныктагандан кийин, “ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн” деген белги менен салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымкат берет. Салык органы арызды кароодо бир жумуш күндүн ичинде маалымкатты берүү жөнүндө же баш тартуунун себебин негиздөө менен аны берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгарат. Субъект тарабынан өткөн отчеттук мезгилдер үчүн салык отчетторунун берилбегендиги салыктык каттоонун бар экендиги жөнүндө маалымдама берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. Салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымкат ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгында КНС төлөөчүлөр катары катталган субъекттер үчүн 180 календарлык күнгө, калган субъекттер үчүн – алган күндөн тартып 60 күнгө жарактуу. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо жок болгон учурда салык органынын кызмат адамы салыктык каттоо жол-жобосун ишке ашырат. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 “Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтому).

Продукцияны жеткирип берүүгө контракттын (келишим) болушу.

Келишимдер (макулдашуулар) Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин салык төлөөчүлөрүнүн ортосунда товарлардын экспортун ишке ашыруунун негизинде же Кыргыз Республикасынын аймагына Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттин аймагынан сатып алынган, импорттолгон товарлардын негизинде түзүлөт. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-июлундагы № 550 “Евразия экономикалык бирлигинде товарларды, жумуштарды, кызматтарды экспорттоо жана импорттоо учурундагы документтердин тизмегин бекитүү тууралуу” токтому).

Эсеп фактуранын болушу

Эсеп-фактура товарларды сатууда, кызмат көрсөтүүдө жана жумуштарды аткарууда салык төлөөчү тарабынан таризделүүчү салыктык документ болуп саналат. Товарларды экспорттоодо товарлардын наркын ырастоочу эсеп-фактура товарлар жүктөлгөндө сатуучу тарабынан таризделет.

Товардык транспорттук коштомо кагаздын болушу

Автотранспорт каражаты менен жүктөрдү ташууга товардык-транспорттук коштомо кагаз, жүктү ташуу келишимин түзүү фактысынын талашсыздыгын, бул келишимдин шарттарын жана жүк ташуучунун жүктү кабыл алгандыгын тастыктаган, ошондой эле автотранспорт каражаты менен жүк ташууну аткаргандыгы үчүн эсептешүүгө негиз болуучу жүк ташуунун негизги документи болуп эсептелет.

Товардык-транспорттук коштомо кагаз, жүк жөнөтүүчү тарабынан ар бир жүк алуучунун атына төрт нускада, бардык нускаларында төмөндөгү реквизиттерди толтуруу менен түзүлөт:

Биринчи нускасы жүк жөнөтүүчүдө калат жана жөнөтүүгө көрсөтүлгөн жүктөрдү эсептен чыгарууга багытталат.

Экинчи, үчүнчү жана төртүнчү нускалар жүк жөнөтүүчү тарабынан жүк ташуучуга берилет.

Экинчи нусканы жүк ташуучу жүктү кабыл алуучуга берет жана кабыл алынган жүктөрдү кирешелөөгө киргизүүгө багытталат.

Үчүнчү жана төртүнчү нускалары жүк ташуучуда калат. Үчүнчү нуска жүк ташуучунун эсеп-кысабына тиркелет жана жүктү жөнөтүүчү (жүктү кабыл алуучу) менен эсептешүүдө кызмат кылат, төртүнчү нуска жол баракчасына тиркелет жана транспорттук иштерди эсепке алуу үчүн негиз болот. 


Сүт жана сүт азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жеткирүү

Шайкештикти баалоо жол-жоболору

Эскертүү 

Продукция Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык келүүгө тийиш: “Тамак-аш продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө” ББ ТР 021/2011,  “Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” ББ ТР 033/2013“Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө”  ББ ТР 022/2011, “Таңгактын коопсуздугу жөнүндө” ББ ТР 005/2011Тамак-аш кошулмаларынын, жыпар жыт берүүчүлөрдүн жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна коюлуучу талаптар” ББ ТР 029/2012 


Чийки сүттү, чийки майсызн сүттү, чийки кам каймакты ташууда Ветеринардык-санитардык корутунду (Ветеринардык сертификат) алуу.


Ветеринардык-санитардык корутундуну (ветеринардык сертификатты) аймактык бөлүктөрдөн алууга болот

КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы. 

Алып чыгууга уруксат алуу үчүн төмөнкү документтер керек;

1- ф1а, ф2а, ф3а, ф4а ветеринардык күбөлүктөрүн жеке ветеринарлар жазып берет.

2-райондук инспектордун текшерүү акты.

3- товарды коштоочу документтер.

4-аккредитацияланган лабораториялардын лабораториялык анализдери.

5- ф1,ф2,ф3,ф4  ветеринардык сертификат, ИСЕЛЕК аркылуу райондук башкармалык

Бажы бирлигинин сертификациялоо жана сыноо лабораториялары боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген аккредитацияланган лабораторияларга сыноолорду жүргүзүү

Аккредитацияланган ТК реестрин Кыргыз аккредитациялоо борборунун сайтынан кароого болот www.kca.gov.kg

Шайкештик жөнүндө декларацияны толтуруу.

Декларациялоодо далилдик материалдар:

- юридикалык жак же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

- изилдөөлөрдүн (сыноолордун) протоколдору;

- сапат жана коопсуздук менеджментинин системасына сертификат (көчүрмөсү);

- контракт (жеткирип берүүгө келишим) же товарды коштоочу документтер;

“Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” ББ ТР 021/2011, “Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” ББ ТР 033/2013, “Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө” ББ ТР 022/2011 ББ техникалык регламентинин талаптарына сүт продукциясынын шайкештигин тике же кыйыр түрдө тастыктоочу башка документтер


Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо.

Декларацияны Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин аймактык бөлүктөрүндө (акысыз) же ЕАЭБдин сертификация жана сыноо лабораториялары боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органдардан каттаса болот.

Аккредитацияланган КК реестрин Кыргыз аккредитация борборунун сайтынан кароого болот www.kca.gov.kg

Ыйгарым укуктуу органдарда ишканаларды каттоо.

Чийки сүттү, чийки майсыз сүттү, чийки кам каймакты жана (же) сүт продукциясын өндүрүүдө кайра иштетүү (иштетүү) процесстери жүргүзүлүп жаткан өндүрүш объекттери каттоого алынууга тийиш.

Ыйгарым укуктуу орган - КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы.

Продукцияны каттоо (эгер продукция адистештирилген болсо).

Балдар тамак-ашы үчүн сүт продукциясы катталууга тийиш.

Каттоону КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана анын аймактык бөлүнүштөрү жүргүзөт.

Продукцияны жөнөтүү (ББ – ЕАБ мүчө-мамлекеттеринин рыногунда продукциянын айланымынын бирдиктүү белгиси менен шайкештик жөнүндө катталган декларациясына жана маркировкасына ээ болушу керек).

Маркалоо даярдоочу тарабынан өз алдынча ишке ашырылат.

Фискалдык органдарды контролдоону ишке ашыруу

Эскертүү

Юридикалык жак же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтердин болушу

Экономикалык иш максатында товарларды импорттоону жүзөгө ашырууга ниеттенген импортер салыктык катталган жери боюнча тиешелүү салык органына “ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн” деген белги менен салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкат алууга арыз берет. Салыктык каттоонун бар экендиги жөнүндө маалымкаттын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет. Салыктык каттоонун бар экендиги жөнүндө маалымкаттын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет. Салык органы арызды карап чыгат жана салык кызматынын маалыматтык системасында импорттоочунун салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерет. Салык органы арызды кабыл алгандан жана салыктык каттоо фактысын аныктагандан кийин, “ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн” деген белги менен салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымкат берет. Салык органы арызды кароодо бир жумуш күндүн ичинде маалымкатты берүү жөнүндө же баш тартуунун себебин негиздөө менен аны берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгарат. Субъект тарабынан өткөн отчеттук мезгилдер үчүн салык отчетторунун берилбегендиги салыктык каттоонун бар экендиги жөнүндө маалымдама берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. Салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымкат ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгында КНС төлөөчүлөр катары катталган субъекттер үчүн 180 календарлык күнгө, калган субъекттер үчүн – алган күндөн тартып 60 күнгө жарактуу. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо жок болгон учурда салык органынын кызмат адамы салыктык каттоо жол-жобосун ишке ашырат. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 “Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтому).

Продукцияны жеткирип берүүгө контракттын (келишимдин) болушу

Келишимдер (макулдашуулар) Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин салык төлөөчүлөрүнүн ортосунда товарлардын экспортун ишке ашыруунун негизинде же Кыргыз Республикасынын аймагына Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттин аймагынан сатып алынган, импорттолгон товарлардын негизинде түзүлөт. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-июлундагы № 550 “Евразия экономикалык бирлигинде товарларды, жумуштарды, кызматтарды экспорттоо жана импорттоо учурундагы документтердин тизмегин бекитүү тууралуу” токтому).

Эсеп фактуранын болушу

Эсеп-фактура товарларды сатууда, кызмат көрсөтүүдө жана жумуштарды аткарууда салык төлөөчү тарабынан таризделүүчү салыктык документ болуп саналат. Товарларды экспорттоодо товарлардын наркын ырастоочу эсеп-фактура товарлар жүктөлгөндө сатуучу тарабынан таризделет.

Товардык транспорттук коштомо кагаздын болушу

Автотранспорт каражаты менен жүктөрдү ташууга товардык-транспорттук коштомо кагаз, жүктү ташуу келишимин түзүү фактысынын талашсыздыгын, бул келишимдин шарттарын жана жүк ташуучунун жүктү кабыл алгандыгын тастыктаган, ошондой эле автотранспорт каражаты менен жүк ташууну аткаргандыгы үчүн эсептешүүгө негиз болуучу жүк ташуунун негизги документи болуп эсептелет.

Товардык-транспорттук коштомо кагаз, жүк жөнөтүүчү тарабынан ар бир жүк алуучунун атына төрт нускада, бардык нускаларында төмөндөгү реквизиттерди толтуруу менен түзүлөт:

Биринчи нускасы жүк жөнөтүүчүдө калат жана жөнөтүүгө көрсөтүлгөн жүктөрдү эсептен чыгарууга багытталат.

Экинчи, үчүнчү жана төртүнчү нускалар жүк жөнөтүүчү тарабынан жүк ташуучуга берилет.

Экинчи нусканы жүк ташуучу жүктү кабыл алуучуга берет жана кабыл алынган жүктөрдү кирешелөөгө киргизүүгө багытталат.

Үчүнчү жана төртүнчү нускалары жүк ташуучуда калат. Үчүнчү нуска жүк ташуучунун эсеп-кысабына тиркелет жана жүктү жөнөтүүчү (жүктү кабыл алуучу) менен эсептешүүдө кызмат кылат, төртүнчү нуска жол баракчасына тиркелет жана транспорттук иштерди эсепке алуу үчүн негиз болот.


Эт жана эт азыктарын ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнө жеткирүү.


Шайкештикти баалоо жол-жоболору

Эскертүү 

Продукция Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин төмөнкү талаптарына ылайык келүүгө тийиш: “Тамак-аш продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө” ББ ТР 021/2011,  “Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” ББ ТР 033/2013“Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө”  ББ ТР 022/2011, “Таңгактын коопсуздугу жөнүндө” ББ ТР 005/2011.


Ветеринардык сертификат алуу. Союлган малдын азыктарын жөнөтүүдө ошол Ветеринардык сертификат менен коштолот. 

КРӨ караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактык бөлүктөрүнөн алууга болот.

Азык берүүчү жаныбарларды союу процесстери ишке ашырып жаткан өндүрүш объекттери жана эт продукциясын өндүрүү (иштетүү) Бажы бирлигинин “Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” (ББ ТР 021/2011). Техникалык регламентинин жоболоруна ылайык мамлекеттик каттоого алынууга тийиш.

Ыйгарым укуктуу орган - КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы. 

Союлган азык-түлүктөр (анын ичинде балдар тамак-ашы үчүн союучу продуктулар) Бирликтин аймагына жүгүртүүгө чыгаруунун алдында ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүүгө тийиш.

Ыйгарым укуктуу орган - КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы.

Алып чыгууга уруксат алуу үчүн төмөнкү документтер керек;

1- ф1а, ф2а, ф3а, ф4а ветеринардык күбөлүктөрү, жеке ветеринарлар жазып берет.

2-райондук инспектордун текшерүү акты.

3- товарды коштоочу документтер.

4-аккредитацияланган лабораториялардын лабораториялык анализдери.

5- ф1,ф2,ф3,ф4  ветеринардык сертификат, ИСЕЛЕК аркылуу райондук башкармалыктан берилет.

Биримдиктин аймагына жүгүртүүгө чыгаруу алдында эт продукциясынын (балдар тамак-ашы жана жаңы түрдөгү эт продукциясы үчүн эт продукциясынан тышкары) ылайыктуулугу декларацияланууга жатат.


Сыноолор бирликтин сертификациялоо жана сыноо лабораториялары боюнча органдардын бирдиктүү реестрине киргизилген аккредитацияланган лабораторияларда жүргүзүлөт.

Аккредитацияланган ТК реестрин Кыргыз аккредитациялоо борборунун сайтынан кароого болот www.kca.gov.kg

Шайкештик жөнүндө декларацияны толтуруу

Декларациялоодогу далилдик материалдар:

- юридикалык жак же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

- изилдөөлөрдүн (сыноолордун) протоколдору;

- сапат жана коопсуздук менеджментинин системасына сертификат (көчүрмөсү);

- контракт (жеткирип берүүгө келишим) же товарды коштоочу документтер;

“Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” ББ ТР 021/2011, “Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” ББ ТР 033/2013, “Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө” ББ ТР 022/2011 ББ техникалык регламентинин талаптарына эт продукциясынын шайкештигин тике же кыйыр түрдө тастыктоочу башка документтер 


Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо.

Декларацияны Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин аймактык бөлүктөрүндө (акысыз) же ЕАЭБдин сертификация жана сыноо лабораториялары боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органдардан каттаса болот.

Аккредитацияланган КК реестрин Кыргыз аккредитация борборунун сайтынан кароого болот www.kca.gov.kg

Продукцияны жөнөтүү (шайкештик жөнүндө катталган декларацияга жана Бирликтин мүчө мамлекеттеринин рыногунда продукциянын айланымынын бирдиктүү белгиси менен маркаланууга тийиш. Маркалоо Өндүрүүчү тарабынан өз алдынча ишке ашырылат.

Маркалоо даярдоочу тарабынан өз алдынча ишке ашырылат.

Фискалдык органдарды контролдоону ишке ашыруу

Эскертүү

Юридикалык жак же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтердин болушу

Экономикалык иш максатында товарларды импорттоону жүзөгө ашырууга ниеттенген импортер салыктык катталган жери боюнча тиешелүү салык органына “ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн” деген белги менен салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкат алууга арыз берет. Салыктык каттоонун бар экендиги жөнүндө маалымкаттын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет. Салыктык каттоонун бар экендиги жөнүндө маалымкаттын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет. Салык органы арызды карап чыгат жана салык кызматынын маалыматтык системасында импорттоочунун салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерет. Салык органы арызды кабыл алгандан жана салыктык каттоо фактысын аныктагандан кийин, “ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн” деген белги менен салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымкат берет. Салык органы арызды кароодо бир жумуш күндүн ичинде маалымкатты берүү жөнүндө же баш тартуунун себебин негиздөө менен аны берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгарат. Субъект тарабынан өткөн отчеттук мезгилдер үчүн салык отчетторунун берилбегендиги салыктык каттоонун бар экендиги жөнүндө маалымдама берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. Салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымкат ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгында КНС төлөөчүлөр катары катталган субъекттер үчүн 180 календарлык күнгө, калган субъекттер үчүн – алган күндөн тартып 60 күнгө жарактуу. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо жок болгон учурда салык органынын кызмат адамы салыктык каттоо жол-жобосун ишке ашырат. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 “Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтому).

Продукцияны жеткирип берүүгө контракттын (келишимдин) болушу

Келишимдер (макулдашуулар) Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин салык төлөөчүлөрүнүн ортосунда товарлардын экспортун ишке ашыруунун негизинде же Кыргыз Республикасынын аймагына Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттин аймагынан сатып алынган, импорттолгон товарлардын негизинде түзүлөт. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-июлундагы № 550 “Евразия экономикалык бирлигинде товарларды, жумуштарды, кызматтарды экспорттоо жана импорттоо учурундагы документтердин тизмегин бекитүү тууралуу” токтому).

Эсеп фактуранын болушу

Эсеп-фактура товарларды сатууда, кызмат көрсөтүүдө жана жумуштарды аткарууда салык төлөөчү тарабынан таризделүүчү салыктык документ болуп саналат. Товарларды экспорттоодо товарлардын наркын ырастоочу эсеп-фактура товарлар жүктөлгөндө сатуучу тарабынан таризделет.

Товардык транспорттук коштомо кагаздын болушу

Автотранспорт каражаты менен жүктөрдү ташууга товардык-транспорттук коштомо кагаз, жүктү ташуу келишимин түзүү фактысынын талашсыздыгын, бул келишимдин шарттарын жана жүк ташуучунун жүктү кабыл алгандыгын тастыктаган, ошондой эле автотранспорт каражаты менен жүк ташууну аткаргандыгы үчүн эсептешүүгө негиз болуучу жүк ташуунун негизги документи болуп эсептелет.

Товардык-транспорттук коштомо кагаз, жүк жөнөтүүчү тарабынан ар бир жүк алуучунун атына төрт нускада, бардык нускаларында төмөндөгү реквизиттерди толтуруу менен түзүлөт:

Биринчи нускасы жүк жөнөтүүчүдө калат жана жөнөтүүгө көрсөтүлгөн жүктөрдү эсептен чыгарууга багытталат.

Экинчи, үчүнчү жана төртүнчү нускалар жүк жөнөтүүчү тарабынан жүк ташуучуга берилет.

Экинчи нусканы жүк ташуучу жүктү кабыл алуучуга берет жана кабыл алынган жүктөрдү кирешелөөгө киргизүүгө багытталат.

Үчүнчү жана төртүнчү нускалары жүк ташуучуда калат. Үчүнчү нуска жүк ташуучунун эсеп-кысабына тиркелет жана жүктү жөнөтүүчү (жүктү кабыл алуучу) менен эсептешүүдө кызмат кылат, төртүнчү нуска жол баракчасына тиркелет жана транспорттук иштерди эсепке алуу үчүн негиз болот.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу