Кыргыз-Сауд кызматташтык боюнча биргелешкен комитетинин экинчи жыйыны тууралуу

Новости
18-Октябрь 2019-ж.
3885
  • 2019-жылдын 17-октябрынан 18-октябрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгында Кыргыз-Сауд кызматташтык боюнча биргелешкен комитетинин 2-жыйыны болуп өттү.
  • Сауд Аравия тарабынан аталган комитеттин тең төрагасы болуп Сауд Аравия Королдугунун Айлана-чөйрөнү, суу ресурстарын коргоо жана айыл чарба министри Абдурахман А. Альфадли мырза эсептелет.
  • Комитеттин жыйынынын жүрүшүндө Тараптар Кыргыз Республикасы жана Сауд Аравия Королдугу ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын иштеп чыгышты жана талкуулашты, ошондой эле, соода, айыл чарба, энергетика, билим берүү, илим, туризм, саламаттыкты сактоо, маданият ж. б. жааттарында андан ары өнүгүүнү жана өз ара аракеттешүүнү активдештирүү маселелери каралган.
  • Ошондой эле кыргыз Тарап сауд Тарапка Кыргыз айыл чарба продукциясынын баасынын жеткиликтүүлүгүн жана жогорку сапатын өзгөчө белгилөө менен Кыргыз Республикасынын экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Буга байланыштуу, Тараптар соода-экономикалык тармактагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттешүүсүн активдештирүү маселелерин талкуулашты.
  • Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Комитеттин ишине Катчылык катары киришкен. 2019-жылдын 17-октябрында КР Экономика министрлиги тарабынан эксперттик бөлүк жүргүзүлдү, анда Тараптардын бардык сунуштары талкууланды.
  • Талкуунун жыйынтыгында, Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо, суу менен камсыз кылуу, айыл чарба, энергетика, билим берүү, ислам иштерин жүргүзүү, ишкер жолугушууларды, ЖОЖ жарманкелери, “Халал-индустрия” ж. б. чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү багыттары боюнча келишимдерге жетишилди.
  • Кыргыз-Сауд кызматташтык боюнча биргелешкен комитетинин жыйынынын жыйынтыгында тараптардын тең төрагалары Протоколго кол коюшту.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу