Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги мамлекеттик жарандык кызматынын административдик бош кызмат орундарын ээлөө үчүн конкурс жарыялайт

Вакансии
15-Октябрь 2019-ж.
2396
  1. Оперативдүү экономикалык иштеп чыгуулар бөлүмүнүн башчысы – 1 бош орун (Б-Б);
  2. Тышкы байланыштар жана донордук жардамды координациялоо башкармалыгынын донордук жардамды координациялоо бөлүмүнүн башчысы – 1 бош орун (Б-Б);
  3. Салык саясаты башкармалыгынын салык саясаты бөлүмүнүн башчысы – 1 бош орун (Б-Б);
  4. Бажы жана тариф саясаты башкармалыгынын бажы саясаты жана тарифтик жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы – 1 бош орун        (Б-Б);
  5. Салык саясаты башкармалыгынын салык маселелери боюнча түшүндүрүү секторунун башчысы – 1 бош орун (У-А);
  6. Оперативдүү экономикалык иштеп чыгуулар бөлүмүнүн башкы адиси – 1 бош орун (У-Б);
  7. Оперативдүү экономикалык иштеп чыгуулар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси – 1 бош орун (К-А);
  8. Экономикалык саясаттын башкы башкармалыгынын кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүү саясатын координациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси – 1 бош орун (К-А);
  9. Экономикалык саясаттын башкы башкармалыгынын программаларды мониторингдөө жана экспертизалоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси – 1 бош орун (К-А);
  10. Уюштуруу-техникалык жана финансылык камсыздоо башкармалыгынын сатып алуулар боюнча жетектөөчү адиси – 1 бош орун (К-А).


     Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • бош орунду көрсөтүү менен өздүк арыз; 
  • кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен); 
  • өмүр баяны (соттолгондугу бар же жоктугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • резюме;
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун оригиналы сынакка келгенде көрсөтүлөт);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү, 
  • билими тууралуу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу, илимий даража жана илимий наам берүү тууралуу документтердин көчүрмөсү.

Эмгек китепчесинин, дипломдорунун жана сертификаттарынын көчүрмөлөрү нотариалдык же иштеген жериндеги персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш 

Бардык документтер делого тиркелүүгө тийиш.

Сынакка катышуучулар сунуштама каттарын кошумча катары тапшырса болот.

Бош кызмат орундарына сынакка катышуу үчүн документтер 2019-ж. 28-октябрына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Чүй проспекти, 106, 221-б. (персонал менен иштөө бөлүмү), сурап билүү тел: 620535 (кошумча ном. 187, 248, 355).

Сынакка катышууга уруксат берилген адамдарга сынактын өткөрүлө турган жери жана убактысы тууралуу кошумча маалымат берилет. 

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Квалификациялык талаптар.docx

Арыздын үлгүсү_Ачык сынак.docx

 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу