Кыргыз Республикасында климаттык тобокелдиктерди жана аярлуулукту талдоо

Новости
11-Октябрь 2019-ж.
3967

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги GIZ кызматташуу боюнча Германия агенттиги менен биргеликте 9-10-октябрларда “Кыргыз Республикасында климаттык тобокелдиктерди жана аярлуулукту талдоо” окутуу семинарын өткөрүштү, семинарга эл аралык эксперттер, доктор Тиль Стерзель жана доктор Роберт Биркандт катышкан.

Биринчи күнү Экономика министринин орун басары А. Алыбаев чыгып сүйлөдү жана республикада жашыл экономиканын принциптерин иштеп чыгуунун жана ишке киргизүүнүн алкагында климаттын өзгөрүшүнүн көйгөйлөрүн жана экономиканын секторлоруна көбүрөөк дуушарланган климаттык тобокелдиктерди аныктоо эске алуу зарыл экендигин белгиледи. Климаттык тобокелдиктерди жана аярлуулукту баалоо Кыргыз Республикасында жашыл экономиканын моделин түзүүдө негизги факторлордун бири болууга тийиш.

Семинардын жүрүшүндө экономиканын тармактарына дуушарланган климаттык тобокелдиктерди, анын ичинде узак мөөнөттүү мезгилдеги инфраструктура анализдөөнүн жана баалоонун теориялык негиздери жана инструменттери көрсөтүлдү.

Экинчи күнү семинар туризм жана транспорт сыяктуу пилоттук секторлорду тандоо менен практикалык тегиздикте Кыргыз Республикасынын мисалында климаттык тобокелдиктерге жана аярлуулукка баалоо жүргүзүү үчүн болуп өттү. Практикалык семинардын алкагында катышуучулар климаттык өзгөрүүлөргө, көйгөйлүү маселелерди аныктоого, аларды адаптациялоого байланышкан тобокелдиктерди баалоо жана андан ары экономиканын көрсөтүлгөн секторлоруна терс таасирди минималдаштыруу боюнча методологияны апробациялоого интерактивдүү катышышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу