Кыргыз-Москва Өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин жандандыруу жөнүндө

Новости
13-Сентябрь 2019-ж.
4230

2019-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министр Санжар Муканбетовдун Москва Өкмөтүнүн министри, Москва шаарынын Тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар департаментинин жетекчиси Сергей Черёмин баштаган Москва Өкмөтүнүн делегациясы менен жолугушуусу болду.

Москва делегациясынан төмөнкүлөр катышты:

- Удовиченко Николай Николаевич - Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси;

- Шутенко Олег Владимирович - Москва шаарынын тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар департаментинин жетекчисинин орун басары;

- Латыпов Валерий Сагитович - Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы соода өкүлү;

- Яремко Ирина Александровна - КМШ өлкөлөрү жана “ВДНХ” АК тышкы байланыштар менен иштөө боюнча башкармалыктын начальниги;

- Здункевич София Андреевна - Москва шаарынын тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар департаментинин ишин координациялоо башкармалыгынын башкы адиси;

Бул жолугушуу Бишкек шаарындагы Москва күндөрүнө арналган иш-чаралардын алкагындаКыргыз Республикасынын борборунда 11-15-сентябрда өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты, ошондой эле тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө, стратегиялык маанилүү багыттар боюнча биргелешкен ишканаларды түзүүгө дем берүүгө багытталган биргелешкен күч-аракеттер жумшалаарына ишеним билдиришти.

Ошондой эле Тараптар кыргыз-москва Өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин жаңылануусун колдошту.

Тараптар билим берүү, илим жана маданият, саламаттыкты сактоо тармагындагы, жол-транспорттук инфраструктура тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле Москва ш. ВДНХ аймагындагы Кыргыз Республикасынын көргөзмө борборун жаңылоо жана реконструкциялоо маселеси талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу