Республиканын аймактарында экономикалык жигердүүлүктү жакшыртуу жана көйгөйлөрдү чечүү жөнүндө

Новости
13-Сентябрь 2019-ж.
3961

2019-жылдын 12 -13 сентябрында КР Экономика министрлигинде Аймактарды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан саясат жөнүндө маалымдоо боюнча Министрликтин аймактар аралык башкармалыгынын аймактык кызматкерлерин окутуу семинары болуп өттү.


Экономика министри С. Т. Муканбетов семинарды ачып, Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып кетти.


Атап айтканда, жашоо шартка, ишкердикти, инфраструктураны өнүктүрүү жана жагымдуу социалдык-экономикалык шарттарды түзүүгө көңүл бурду.


Министр белгилегендей, аталган семинардын максаты-аймактарда министрликтин саясатын ишке ашыруу алкагында аймактардагы көйгөйлөрдү чечүү жана экономикалык активдештирүүнү жакшыртуу. Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүн жергиликтүү өзүн - өзү башкаруу органдары, ишкерлер жана бизнес-ассоциациялар менен иштерди активдештирүүгө чакырды.


Ошондой эле семинардын жүрүшүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери жана аймактык кызматкерлер үчүн окутуучу семинарларды өткөрүү жана маселелерди андан ары чечүү максатында аймактардагы ар түрдүү суроолорго жооп алууга болот.


Семинардын жыйынтыгында, райондорду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын көрсөтүү менен талдоонун жана социалдык-экономикалык өнүгүүнү болжолдоонун сапаты жакшыруусу, ошондой эле аймактарды өнүктүрүү боюнча сунуштарды алуу күтүлүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу