Айыл чарба субсидиялары жаатында ДСУнун Макулдашуусунун жоболорун колдонуу жөнүндө

Новости
11-Сентябрь 2019-ж.
3945

2019-жылдын 10-12-сентябрларында Экономика министрлигинде Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) эксперти Диксит Дивакар мырза менен биргеликте жана “Борбордук Азияда сооданы жөнөкөйлөтүү” эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун Программасынын колдоосу менен республиканын кызыкдар мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү үчүн айыл чарба субсидиялары жаатындагы билдирүүлөр боюнча улуттук семинар өткөрүлөт.

Аталган иш-чаранын максаты ички колдоо чараларына тийиштүү айыл чарба жана айыл чарбасындагы экспорттук субсидияларды, ошондой эле ички колдоо боюнча билдирүүлөрдү даярдоо боюнча практикалык көнүгүүлөрдү кошкондо, билдирүүлөргө карата талаптар боюнча ДСУ жоболорун түшүнүү жана колдонуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасы ДСУнун 20 жылдан ашык катышуучусу болуу менен уюмда болуп жаткан бардык процесстерге, анын ичинде ДСУнун көп тараптуу макулдашууларынын талаптарын аткаруу маселелерине активдүү катышууга умтулат.

Уюмга мүчө болгон мезгил ичинде Кыргыз Республикасы 2006-2013-жылдары эки жолу соода саясатына серептерди ийгиликтүү өткөрдү.

Кыргыз Республикасында 2020-жылдын ноябрында соода саясатына кезектеги үчүнчү сереп салуу жүргүзүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу