Министр С. Муканбетов: Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ интеграциясынын натыйжалары жөнүндө

Новости
28-Август 2019-ж.
5563


2019-жылдын 28-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жүрүшүндө Экономика министри Санжар Муканбетов Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге интеграциясынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Ал белгилегендей, 2019-жылдын 12-августунда Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигинин толук кандуу мүчөсү болгонуна 4 жыл толду. Кыргызстандын биримдикке кирүүсү тууралуу мамлекеттин чечими өлкө жарандары менен өнөктөштүктө кабыл алынган. Чечим кабыл алынган учурда өлкөнүн бардык аймактарында калктын 75% дан ашыгы Кыргызстандын ЕАЭБ кошулуусун колдоду.

Негизги жыйынтык тышкы факторлордун таасиринин өтө жагымсыз шарттарында Кыргыз экономикасы жалпысынан бул татаал мезгилден кыйроолорсуз өтүп кеткендигинде. ИДПнын орточо жылдык өсүшү 4 жылда Бирликтин шарттарында орточо жылдык деңгээлден төмөн түзүлгөн, Бирликке киргенге чейин 2010-2014-ж.ж. 4, 1% болгон, Бул мезгилде ИДПнын орточо жылдык өсүшү 2,4% дан жогору болжолдонгон.

Жыйынтыгында министр Кыргызстандын ЕАЭБдеги интеграциясы бардык деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөрдү караштыра тургандыгын белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу