Евразия экономикалык бирлигинде Кыргыз Республикасынын интеграциясынын жыйынтыктары жөнүндө

Новости
14-Август 2019-ж.
4063

2019-жылдын 9-августунда КР Экономика министрлигинде, КР Экономика министрлигине караштуу СМБ менен биргеликте КР Экономика министринин орун басары Д. Кадыровдун төрагалыгы алдында Евразия экономикалык бирлигине Кыргыз Республикасынын интеграциясынын 4 жыл ичиндеги жыйынтыктарына арналган семинар өткөрүлдү. Иш-чарага Росстандарттын жетекчиси А. Абрамов жана Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология комитетинин төрагасы А. Шаккалиев катышышты.

Иш-чаранын катышуучуларына Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын өкүлдөрү тарабынан: “Евразия экономикалык бирлигинин алкагында сапат инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү Россия Федерациясынын тажрыйбасы” жана “Евразия экономикалык бирлигинин алкагында сапат инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү Казакстан Республикасынын тажрыйбасы деген темада маалымат берилди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ алкагындагы сапат инфраструктурасы тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын катышуучулары: министрликтердин, ведомстволордун, ЕАЭБдин техникалык регламенттерин ишке ашырууга жооптуу өкүлдөрү, СМБ, шайкештикти баалоо боюнча органдардын, бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана башка кызыкдар болгон тараптар.

Иш-чаранын жүрүшүндө ЕАЭБ техникалык регламенттерине жана ЕАЭБ алкагындагы башка документтерге байланыштуу актуалдуу маселелер жана көйгөйлөр талкууланды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу