Министр С. Муканбетов: 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн КР социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана жылдын аягына чейинки милдеттер жөнүндө

Новости
24-Июль 2019-ж.
4710

2019-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Экономика министри Санжар Муканбетов КР 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана жылдын аягына чейинки милдеттер тууралуу маалымат берди.

Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгына карата жыйынтыгы катары тышкы факторлордун жана ички проблемалардын күчөө шарттарында бүтүндөй экономикалык өсүштүн оң динамикасын бекитүү болуп калды.

Ошентип, ушул жылдын январь – июнунун жыйынтыгы боюнча экономикадагы иш жүзүндөгү кырдаал төмөнкүдөй түзүлдү:

ИДПнын көлөмү 232,6 млрд. сом суммасында, реалдуу өсүү темпи – 6,4 % түзүлдү, (салыштыруу үчүн, 2018-жылдын январь – июнунда-болгону 0,3 %). Экономиканын өсүшүнүн мындай жогорку көрсөткүчү Кумтөр ишканаларындагы негизги металлдарды өндүрүүнүн 1,5 эсеге тездетилген өсүшү менен шартталды, (2018 - жылдын январь-июнундагы терс көрсөткүчтөр 85,6 %). Ошондуктан ИДПны түзүүгө тийгизген оң салым 4,4 проценттик пункттун деңгээлинде бааланат, ал экономикалык өсүштүн жетишилген деңгээлинин дээрлик 70% ын (4,4% дан 6,4% га) түзөт. Бирок, Кумтөрдү эске албаганда, экономикалык өсүш болгону 2,1% түзгөн. Кумтөрсүз улуттук экономиканын потенциалы төмөн бойдон калууда.

Өлкөнүн ИДПсын түзүүчү экономиканын реалдуу секторлоруна өтүү менен министр өсүштүн оң динамикасын белгиледи, атап айтканда: айыл чарбасында көлөмдөр 1,7% га, курулушта – 5,9% га, өнөр жайда – Кумтөрдүн эсебинен –20,6% га жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө-бардыгы 1,1% га реалдуу өстү.

Жогоруда айтылгандай, 1 жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, бул өсүш 1,7% ашкан эмес. Малдын өнүмдүүлүгү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү өтө төмөн бойдон калууда. Азыркыга чейин өндүрүштүн түзүмүн өзгөртүүгө жөндөмдүү ири агроөнөр жай комплекстери, айыл чарба кластерлери түзүлгөн эмес. Ташууда сугат суусу көп королууда. Бул көрсөткүч өсүү тенденциясына ээ. Алсак, эгерде 2013-жылы суунун жалпы көлөмүнө карата жоготууларынын көрсөткүчү 22,5% ды түзсө, 2017-жылы бул көрсөткүч 27,8% га жеткен жана көбөйүүнү улантат.

“Айылды каржылоо-7” программасы боюнча үстүбүздөгү жылдын 26-июнуна карата 4,5 млрд.сомдон ашык 9560 насыялар берилген. Ал эми айыл чарба секторунун экономикага тийгизген таасири нейтралдуу бойдон калууда - ушул жылдын 1 жарым жылдыгында 0,14 пайыздык пункт.

Бюджеттик туруктуулукту жогорулатуу үчүн бизде ушундай иштердин мурунку жыйынтыктарын жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен бир жолку, мисалы, 1-январдан 31-декабрга чейин, Кыргыз Республикасында капиталга мунапыс боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө сунуш кылынган.

Мындай акцияны өткөрүүдөгү маанилүү шарттардын бири жеке менчиктин жана капиталдын кол тийгистигинин жана алсыздыгынын принциптерин мыйзамдык бекитүү болууга тийиш.

Кыска мөөнөттүү мезгилде бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоонун башка булактары Өкмөттүн IPO элдик түзүүчү демилгелери, мисалы, Мегакомдун, “Манас” аэропортунун, “Учкун” ААК , “Телеком” АК акциялары, ж. б. боло алмак.

Жыйынтыгында министр С. Муканбетов 2023-жылга чейин заманбап ата-мекендик индустрияны кайра жаратуу боюнча планды иштеп чыгууну жана бекитүүнү сунуштады.

Ишканалар жана калк үчүн энергия майнаптуулук жана энергия үнөмдөө боюнча 2023-жылга чейинки планды иштеп чыгуу жана киргизүү.

Экономикага инвестициялардын агымына дем берүү жана чакан, орто бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү үчүн жеке менчикке жана капиталга кол тийбестиктин принциптерин бекитүү жөнүндө, инвестициялар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

Тийиштүү саясий чечимдерди кабыл алуу үчүн бүткөрүлбөгөн курулуш объекттерин инвентаризациялоо боюнча Өкмөттүк комиссия түзүлсүн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу