Министр С. Муканбетов: Кыргыз Республикасынын экономикасын либералдаштыруу саясаты жөнүндө

Новости
17-Июль 2019-ж.
4284

Бүгүн, 2019-жылдын 17-июлунда Кыргыз-Корей бизнес форумунун жүрүшүндө “Эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы” аттуу презентациялык сессияда форум өткөрүлдү. Кыргыз Республикасы Корея Республикасынын жаңы Түндүк саясатындагы негизги өнөктөш катары “Кыргыз Республикасынын экономикасын либералдаштыруу саясаты” темасындагы доклад менен Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов чыгып сүйлөдү.

Министр, Корея Республикасы кыска мөөнөттүн ичинде дүйнөлүк рыноктогу алдыңкы өнөр жай өлкөлөргө чейин агрардык өлкөнүн жолун басып калган дүйнөнүн жогорку технологиялык өлкөлөрүнүн бири болуп саналарын белгилеп өттү. Бүгүнкү күндө да олуттуу экономикалык ийгиликтерге жетишкен, ИДПнын көлөмү боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орунда турат (дүйнөдө 11-орун).

Мындан тышкары, Корея “Бизнес жүргүзүү” рейтингинде 5-орунду ээлейт (190 өлкөдөн), бул ишкердик ишти жүргүзүүнүн жеңил даражасын чагылдырат.

“Бүгүнкү жолугушуу биз үчүн өзгөчө маанилүү. Ушундай түрдөгү иш-чараларды өткөрүү биз үчүн өз ара тажрыйба, диалог алмашуу жана биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык үчүн натыйжалуу аянтча болуп саналат. 

Жашыл экономикага өтүү боюнча Корея Республикасынын Жогорку көрсөткүчтөрүн эске алуу менен, ал туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуунун маанилүү инструменттеринин бири болуп саналат, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында “Жашыл экономика” чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну сунуш кылам.

Кыргыз Республикасында Сиздин ийгиликтүү тажрыйбаны алдыңкы дүйнөлүк өлкөлөрдүн бири катары кабыл алуу маанилүү”, - деп белгиледи С.Муканбетов.

Андан соң министр Өкмөттүн акыркы жылдардагы аткарылган иштери, негизинен жеке сектордун кыйла кеңири катышуусуна багытталган маанилүү реформалары жөнүндө кыскача айтып берди.

Мындан тышкары 2019-жылы Кыргыз Республикасы “Бизнес жүргүзүү” рейтингинде 70-орунду ээледи, өткөн жылга салыштырганда 7 позицияны жакшыртты.

Жагымдуу инвестициялык климатты түзүү маселелери КР өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарынын жана узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн артыкчылыктарынын бири болуп эсептелет.

Корея Республикасы Азия-Тынч океан аймагында Кыргызстандын артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 

Корейская Республика является одним из приоритетных партнеров Кыргызстана в Азиатско-Тихоокеанском регионе. Өлкөлөрдүн ортосунда ишке ашырылбаган чоң потенциал бар.

Сооданын ассортименти жана көлөмү биздин өлкөлөрдүн ички рынокторунун муктаждыгы үчүн керектүү товарлардын эсебинен кыйла кеңейтилиши мүмкүн, биз башка өлкөлөрдөн келген импорттун эсебинен жабабыз.

Мисалы, Кыргыз Республикасы Кореянын рыногунда өзүнүн керектөөчүсүн таба алган экологиялык жактан таза продукция чыгарууга жана экспорттоого чоң мүмкүнчүлүгү бар.

Кыргыз тарап республикада өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын жана кайра иштетүү продукцияларын Кореяга экспорттоону көбөйтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Буга байланыштуу бул чөйрөдө кызматташтыкты активдештирүүбүз керек. Бул соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана мамлекеттерибиздин экономикалык жактан өсүшүнө мүмкүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү табууга шарт түзөт, - деп баса белгиледи министр С.Муканбетов.

Иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди жана бүгүнкү иш-чара өз-ара кызматташууну бекемдөөгө татыктуу салым кошот жана Кыргыз-корей мамилелерине сапаттуу жаңы мүнөз берет деген ишенимин билдирди.

Ошондой эле Форумда: “Жаңы Түндүк саясаттын келечеги жана Корея-Кыргыз экономикалык кызматташтыгы” деген темадагы баяндама менен Джунг Хо Парк; КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев, Корея Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Хомин Канга мырза жана ж.б. чыгып сүйлөштү.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу