Чакан жана орто ишканалардын рынокторго жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Швейцария Федералдык Кеңешинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Новости
16-Июль 2019-ж.
4284

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Конфедерациясына болгон сапарынын алкагында, КР Экономика министри Санжар Муканбетов тарабынан “Жемиштер боюнча кошумча нарк түзүү чынжырчасында стандарттарды сактоо боюнча алардын дараметин бекемдөө аркылуу рыноктордо чакан жана орто ишканалардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү” экономикалык өнүктүрүү долбоору боюнча КР Өкмөтүнүн жана Швейцариянын Федералдык Кеңешинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Долбоордун максаты чакан жана орто ишканалардын рынокторго жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана улуттук сапат инфратүзүмүн чыңдоо максатында сапат жана стандарттардын талаптарына ылайык, мөмө-жемиштер үчүн кошумча нарк тизмегин өнүктүрүү жолу менен улуттук атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Долбоор үч жыйынтыкка жетишүүгө багытталат, ошону менен өлкө туш болгон стандарттар жаатындагы негизги көйгөйлөргө жооп берет.

1-жыйынтык: Мөмө-жемиштер боюнча кошумча нарк чынжырын өнүктүрүүдө техникалык компетенттүүлүгүн жана сапат улуттук системасы туруктуулугун бекемдөө.

2-жыйынтык: Мөмө-жемиштер боюнча ЦДС камтыган эл аралык стандарттарды жана техникалык регламенттерди сактоо үчүн ЧОБ субъекттеринин потенциалын чыңдоо.

3-жыйынтык: Мөмө-жемиштер боюнча кошумча баа тизимин бойлото сапат маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу.

Мындай учурда, Швейцария Федералдык Кеңеши Долбоорго 2019-2022-жылдар мезгилинде кайтарымсыз төлөм катары 968 180 АКШ доллары өлчөмүндө АКШ доллары менен камсыз кылууга милдеттенет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу