КР Экономика министрлигине караштуу СМБ, БССМБ жана Германия Физика-техникалык институтунун (РТВ) ортосундагы Милдеттенмелерге кол коюлду

Новости
15-Июль 2019-ж.
4273

2019-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун (КР ЭМ СМБ) жана Германиянын физикалык-техникалык институтунун (РТВ) ортосундагы Кыргыз Республикасы менен Германиянын өкмөттөр аралык макулдашуусуна ылайык ишке ашырылуучу “Сапаттуу инфраструктура кызматтарын пайдаланууга көмөк көрсөтүү” эки тараптуу долбоордун ишинин алкагында, СМБ, Бишкек сыноо, сертификаттоо жана метрология борбору (БССМБ) жана Германия Физика-техникалык институнун (РТВ) ортосунда үч тараптуу Милдеттенмеге кол коюлду.

Милдеттенменин максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019 - жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле аймактарда сапат инфраструктурасын өнүктүрүү болуп саналат.

Ушул Милдеттенменин алкагында БССМБ жыштыкты өлчөө жаатында 650 кг / м3 дан 1840 кг / м3 чейин жана масааны өлчөө жаатында (салмактарды калибрлөө) 1 мг дан 50 кг чейинки диапазонунда калибрлөө кызматтарын киргизүү боюнча жумушчу План ишке ашырылат.

СМБ жана РТВ тарабынан кызматкердин компетенциясы үчүн ченөөчү мүмкүнчүлүктөрдү жана керектөөлөрдү баалоонун, БССМБ тиешелүү адистерин окутууда жана консультация берүүнүн негизинде иш планын иштеп чыгууга, ошондой эле өлчөөлөрдүн байкоодо болушун камсыз кылуу жана тыгыздыгы жана салмагы боюнча лабораториялар аралык салыштырууларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтүлөт.

Аймактарда ченөөлөрдүн түрлөрү боюнча калибрлөө системасын ишке киргизүү ата мекендик продукцияны өндүрүүдө жана лабораториялык сыноолорду жүргүзүүдө өлчөөлөргө байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн ишкерлердин жана өндүрүүчүлөрдүн калибрлөө кызмат көрсөтүүлөрүн алууга сарпталган чыгымдарын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу