Кургак жана кургатылган азык-түлүктөргө БУУнун ЕЭКтин стандарттарын иштеп чыгуу жөнүндө

Новости
04-Июль 2019-ж.
4572

2019-жылдын 24-26-июндарында Женева ш. Улуттар сарайында Швейцария БУУ Европа Экономикалык Комиссиясынын (БУУ ЕЭК) кургак жана кургатылган азык-түлүктөргө стандарттарды иштеп чыгуу боюнча атайын секциясынын алтымыш алтынчы сессиясы болуп өттү. 

Аталган сессияга Борбордук Азия (Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан), Европа (Франция, Германия, Испания), Кения, Америка Кошмо Штаттарынын, Түркиянын ж. б. өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Кыргыз Республикасынан бизнес жана стандартташтыруу боюнча органдын өкүлдөрү, эл аралык GIZ, AFC долбоорунун консультанттары жана эксперттери, ошондой эле БУУ ЕЭК өкүлдөрү катышты.

Сессия үч күндүк интенсивдүү программанын алкагында уюштурулган, анда ЕЭК ООНDDP стандарттарынын сериясына тиешелүү сунуштарды жана маселелерди кароо камтылган.

Күн тартиби төмөнкү суроолорду камтыган:

Иштеп жаткан стандарттардын каралышы:

- кургатылган кара өрүк;

кабыктуу мисте жаңгактары.

Жаңы стандарттарды иштеп чыгуу: 

- кокос жаңгагынын кесимдери; 

кургатылган папайя; 

кургатылган коондор

жер жаңгагы;

пекан жаңгактары.

Токойдо жыйналган грек жаңгактары. 

Токой жаңгактары жана кургатылган азыктар үчүн үлгүлөрдү тандоо планы жана кургак жана кургатылган азыктарды инспекциялоо боюнча колдонмо.

Стандарттардын типтүү формасын кайра карап чыгуу.

Түшүндүрмө материалдар:

мисте жаңгактары – плакат;

- кургатылган өрүктөр – түшүндүрмө колдонмо;

- кабыгы менен грек жаңгагы жана грек жаңгагынын даны – плакат;

- кургатылган инжир жана кургатылган жүзүм - плакаттар;

- кешью жаңгагы - түшүндүрмө колдонмо жана кешью жаңгагынын даны үчүн колориметриялык шкала.

Сессия БУУнун Улуттар сарайында Женевада болуп өттү. Аталган сессиянын алкагында Туруктуу жаратылыш ресурстары жана алардын өндүрүштүк-сатып өткөрүү чынжыры-жаңгактар” темасындагы эл аралык симпозиум болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы элчиси Данияр Мукашев чыгып сөз сүйлөдү, ал БУУнун ЕЭК стандарттары боюнча жүргүзүлгөн иштердин кургак жана кургатылган азыктарга, ошондой эле жаңгактарга маанилүү экендигин баса белгиледи.

Ата мекендик – грек жаңгагы продукциясын алдыга жылдыруу үчүн Кыргызстандын Улуттук техникалык тобу (УТТ) таарбынан грек жаңгагына DDP-02, ошондой эле кургатылган кара өрүккө DDP-07 БУУ ЕЭК стандарты боюнча сунуштар даярдалды.

Кыргызстандын УТТ өкүлдөрү өз презентациясында Кыргызстандын аймагында жапайы өскөн грек жаңгагынын өзгөчөлүктөрүн жана ар түрдүү мүнөздөрүн белгилешти. Кыргызстандын токойлорунда өскөн грек жаңгагынын толук мүнөздөмөсү жана өзгөчөлүктөрү берилген грек жаңгагынын DDP-02 стандартына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш кылышты. Бул Кыргызстандын грек жаңгагынын БУУ ЕЭК стандарттарына толук жана толук кандуу шайкеш келет жана Европага продукциянын экспорттук дараметин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Бул сессия кургак жана кургатылган азык-түлүктөргө, ошондой эле грек жаңгактарына стандарттарды активдүү жемиштүү пайдаланууну кароого багытталган.

Европа өлкөлөрүнүн стандартташтыруу боюнча улуттук органдарынын өкүлдөрү стандарттарды колдонуу боюнча өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү, бул сессиянын катышуучуларына башка прогрессивдүү өлкөлөрдүн мыкты тажрыйбаларынан билимди жана тажрыйбаны алууга мүмкүндүк берди.

Кыргызстандын улуттук техникалык тобу БУУнун кургак жана кургатылган азык-түлүктөргө, ошондой эле ата мекендик продукцияны экспортко чыгарууга көмөктөшүү максатында жаңгактарга стандарттарды иштеп чыгуу боюнча иштерди улантат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу