Стандартташтыруу боюнча улуттук органдардын өкүлдөрү маркетингди жана коммуникацияларды илгерилетүү стратегиясынын тажрыйбалары менен таанышты

Новости
28-Июнь 2019-ж.
3895

СМБ адистери ИСО стандартташтыруу боюнча эл аралык уюму жана Өзбекстандын стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча агенттиги (Узстандарт) тарабынан уюштурулган маркетинг жана коммуникация боюнча регионалдык семинарына катышышты.

Аталган семинар маркетинг жана коммуникациянын маанилүүлүгү жөнүндө кабардар болууну жогорулатууга, стандарттарга жана аны менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр үчүн рынокту, кардарларды аныктоо боюнча мүчөлөрүнө колдоо көрсөтүүгө, маркетинг жана коммуникациялык стратегиясын иштеп чыгууга, ИСО коммерциялык жана автордук саясатты (POCOSA) чагылдырууга кошумча багытталган.

Семинарга Борбордук Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн стандартташтыруу боюнча 15 Улуттук органдардын 30 дан ашык өкүлү катышышты, анда негизги спикерлер ISO Борбордук катчылыгынын өкүлдөрү болду: коммуникациялар начальниги Кэти Берд жана маркетинг боюнча адис Тарун Томас.

Семинар үч күндүк интенсивдүү программанын алкагында уюштурулган, ал семинардын алдында да андан кийин да тапшырма катары киргизилген, анда катышуучуларга улуттук рынокту жана стандарттарды келечекте пайдалануучуларды аныктоого мүмкүнчүлүк берилет.

Семинар интерактивдүү форматта өткөрүлдү, анда ар бир катышуучу топтук тапшырмаларга катышып, алардын жүрүшүндө тандалып алынган тармактар боюнча маркетинг жана коммуникация боюнча стратегиялар иштелип чыкты.

Стандартташтыруу боюнча улуттук органдардын өкүлдөрү алдыңкы технологияларды, интернет ресурстарды жана маркетинг менен коммуникацияларды илгерилетүү стратегиясын колдонуу боюнча өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү, бул катышуучуларга башка өлкөлөрдүн мыкты практикаларынан билимди жана тажрыйбаны алууга мүмкүндүк берди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу