Ислам принциптеринде каржылоонун келечеги жана чакырыктары жөнүндө

Новости
27-Июнь 2019-ж.
4435

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан 2017-2020-жылдарда “КР адал-индустриясын өнүктүрүү Концепциясын” жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу иретинде, калк арасында “адал” түшүнүгү жөнүндө билим берүү-агартуу жана адал-индустрия жаатында адистерди окутуу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошентип, КР Экономика министрлигинин Шайкештикти баалоо системаларын жөнгө салуу жана Халал индустрия бөлүмү “Эл аралык Өнөктөш экономика жана финансы Ассоциациясы” ЮЖБ менен биргеликте семинар өткөрүүдө.

Ушу жылдын 27-июнунда министрликтин чоң залында “Halal life style келечеги жана чакырыктары” (Адал жашоо образы), “Ислам принциптеринде каржылоонун келечеги жана чакырыктары” деген темада окутуу башталды.

Бул иш-чарага Ислам банкинги, камсыздандыруу жана адал-индустрия жаатында таанылган окумуштуу, эл аралык эксперт Мухаммад Ибрагим Эсса катышат. Азыркы учурда ал “Синд Банк”, “Хабиб Метрополиан Банк”, “Equitable Financial Solutions Australia”, Кытай бизнес-борбору (CBH, Дубай), шариат көзөмөл боюнча комитеттин мүчөсү - Галф Адал-Борбору (БАЭ) ж. б. уюмдардын Шариат кеңешинин Ардактуу мүчөсү болуп саналат.

Семинарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун, бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү, ишкерлер, коомдук уюмдар катышат.

Эске салсак, Кыргызстанда адал-индустрия Кыргызстандын экономикасын диверсификациялоого мүмкүндүк берүүчү, Кыргызстанга кошумча инвестицияларды тартууга жана чет өлкөлөргө продукцияларды экспорттоону көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүчү, экономиканын өнүгүүсүнө мындан ары түрткү берүүчү кошумча атаандаш индустрия катары каралат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу