Тамак-аш продукциясынын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылууда комиссиянын ролу жөнүндө Алиментариус кодекси

Новости
06-Июнь 2019-ж.
4685

Тамак-аш азык-түлүктөрүнүн коопсуздугунун Биринчи дүйнөлүк күнүнүн алдында (7-июнь), КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору, 2019-жылдын 4-июнунда КРдагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлчүлүгү менен биргеликте Алиментариус кодексинин комиссиянын эл аралык уюмунун иш алкагында “Тамак-аш азыктарынын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Алиментариус кодексинин комиссиясынын ролу” темасында саясатчылар жана жогорку деңгээлдеги жетекчилер үчүн Улуттук семинар өткөрүлдү.

Эл аралык Алиментариус кодекси БУУнун эки уюму тарабынан 1961-жылы түзүлгөн:

- Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО);

- Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ).

Кыргызстан 2002-жылдан тартып "Алиментариус кодексинин" комиссиясынын мүчөсү болуп саналат жана керектөөчүлөрдүн ден соолугун коргоо багытында иштейт, тамак-аш продукциясын ак ниеттүүлүк менен сатууга көмөк көрсөтөт.

Комиссиянын негизги милдети-керектөөчүлөрдүн ден соолугун коргоо жана тамак-аш азыктарын ак ниеттүүлүк менен сатууга көмөк көрсөтүү.

Иш-чараны өткөрүүнүн максаты чечим кабыл алуучу жогорку деңгээлдеги кызмат адамдарынын Алиментариус кодексинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле улуттук деңгээлде тамак-аш азыктарынын коопсуздугу боюнча натыйжалуу улуттук программаларды түзүү болуп саналат.

Аталган иш-чарага КР Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров, КР Жогорку Кеңешинин, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, “Алиментариус кодексинин” Эл аралык комиссиясынын, КР бизнес-коомчулугунун мүчөлөрү ж.б. катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар тамак-аш продукциясынын коопсуздук маселелерин карап чыгышты.

Ушундай эле семинардын уландысы 6-июнда Талас шаарында аймактагы тамак-аш продукциясынын коопсуздук маселесине жооптуу органдардын өкүлдөрү үчүн өткөрүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу