Тамак-аш азыктарынын коопсуздук негиздерин киргизүү боюнча тренингдер уланууда

Новости
02-Май 2019-ж.
4352

КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун кызматкерлери тарабынан GIZ долбоору жана эл аралык сим-эксперттери менен биргеликте Кара-Балта шаарынын Тамак-аш өнөр жай техникумунун сыра кайнатуучу цехинин окутуучу курамынын өндүрүштүк практикасына тиешелүү тамак-аш азыктарынын коопсуздук негиздерин киргизүү боюнча тренингдерди жана практикалык иштерди өткөрүү улантылууда. 

Атап айтканда, консультанттар тарабынан окутуучу курам үчүн НАССР тамак-аш коопсуздук системасын киргизүү боюнча консультациялык иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле, цехтин адистери өз кесиптештерин жана техникумдун студенттерин андан ары өз алдынча окутуп алууну ишке ашыруу үчүн тамак-аш өндүрүүдө зарыл болгон иш-аракеттердин кеңири планын жана документацияларда практикалык сунуштамаларды иштеп чыгууга көмөк көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, ушул жылдын 30-апрелинде КР Экономика министрлигине карштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун адистери жана сертификациялык органдын өкүлүнүн катышуусунда алдын ала сертификациялык аудит жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында, Стандартташтыруу жана метрология борборунун адистери буйрутмачы менен командада иштөө менен төмөнкү иштерди аткарышты:

- билим беришти жана НАССР тамак-аш коопсуздук системасын түзүү боюнча окутушту;

- менеджмент системасын ишке киргизүү эмгек сыйымдуулугун кыйла төмөндөттү;

- тамак-аш коопсуздук менеджмент системасын киргизүүдө каталардын коркунучу азайтылды;

цехтин сертификациялоого даярдыгы камсыздалды.

Аталган иштердин жыйынтыгы Кара-Балта шаарынын Тамак-аш өнөр жай техникумунун ачытуучу бөлүмүнүн студенттерине теориялык окутууну тажрыйба менен бириктирүү мүмкүнчүлүгүн берет. 

Техникум – Бажы бирлигинин 021/2011 “Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин НАССР принциптерине негизделген өнөр жайдын талаптарына ылайык келген жана технологиялык процесстерди өздөштүрүүгө жумушчу кадрларды даярдоого, ага ылайык тамак-аш азыктарын даярдоочу НАССР принциптеринин негизинде жол-жоболорду иштеп чыгууга, киргизүүгө жана колдоого тийиш.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу