Бишкек жана Ош шаарларында адал продукцияларына стандарттарды киргизүү боюнча окутуу жүргүзүлүүдө

Новости
29-Апрель 2019-ж.
4448

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан 2017-2020-жылдарда “КР адал-индустриясын өнүктүрүү Концепциясын” жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу иретинде, калк арасында билим берүү-агартуу иштерин жүргүзүү алкагында, адистерди “адал” стандарттарын иштеп чыгууга, киргизүүгө жана сертификациялоого тартуу максатында аларды окутуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

КР Экономика министрлигинин Шайкештикти баалоо системаларын жөнгө салуу жана Халал индустрия бөлүмү жана Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча Түрк башкармалыгы (TIKA) тарабынан “Адал продукциясына SMIIC стандарттарын киргизүү” темасында семинар өткөрүлүүдө, семинар Бишкек шаарында 28-29-апрелде жана Ош шаарында 2-3-майда өтөт. 

Иш-чараларды өткөрүү үчүн Ислам өлкөлөрүнүн Стандартташтыруу жана метрология институтунун (SMIIC) жана Түрк стандарттар институтунун (TSE) эксперттери чакырылган.

Конференцияга жана тренингге мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бизнес-коомчулугу, КМДБ, КРнын коомдук уюмдары.

Кыргызстанда адал-индустрия экономиканын өнүгүүсүнө мындан ары импульс бере турган кошумча атаандаш индустрия катары каралат, ал Кыргызстанга кошумча инвестицияларды тартууга жана чет өлкөлөргө продукцияларды экспорттоону көбөйтүүгө, ошондой эле КР экспорттук рыногун диверсификациялоого мүмкүндүк берет.


 Маалымат үчүн: 

Ислам өлкөлөрүнүн Стандартташтыруу жана метрология институту (SMIIC) 1998-жылы ислам мамлекеттеринин ортосунда соода кызматташтыгын өнүктүрүү максатында стандарттарды макулдашууга арналган стандартташтыруу боюнча орган катары түзүлгөн. SMIIC иши метрология, лабораториялык сыноо жана стандартташтыруу ишинин бир түрдүүлүгүнө жетүүгө багытталган.

Кыргызстан 2015-жылы ислам өлкөлөрүнүн Стандартташтыруу жана метрология институтунун (SMIIC) мүчөсү болгон.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу