Атаандаштыкка туруктуулукту жана ишкердиктин укуктук чөйрөсүн жакшыртуу боюнча долбоорду ишке киргизүү боюнча презентация

Новости
14-Февраль 2019-ж.
5033

2019-жылдын 13-февралында Министрликтин чоң залында Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча уюмдун (ОЭСР) биргеликте Кыргыз Республикасында ишкердиктин укуктук чөйрөсүн жана атаандаштыкка туруктуулугун чыңдоого багытталган реформаларга көмөк көрсөтүү маселелери боюнча бизнес-коомчулук, мамлекеттик органдар, өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен жолугушуу жүргүзүлдү.    


Бул жолугушууда ОЭСР өкүлдөрү Кыргыз Республикасында “Борбордук Азия өлкөлөрүндө ишкердиктин укуктук чөйрөсүн жана атаандаштыкка туруктуулугун чыңдоого багытталган реформаларга көмөк көрсөтүү” көп жылдык долбоор ишке ашырыла баштай тургандыгын билдиришти, анын алкагында өлкөнүн Өкмөтү КР ишкердик чөйрөнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында ишкердиктин укуктук чөйрөсүн жана атаандаштыкка туруктуулукту чыңдоого багытталган реформалар боюнча консультацияларды алат. 

Жолугушуунун жүрүшүндө ОЭСР тарабынан ишке ашыруу механизмдери жана ишке киргизилүүчү долбоордун компоненттери боюнча презентациялар көрсөтүлдү.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө активдүү дискуссиялар жана талкуулоолор болуп өттү, анда катышуучулар белгиленген долбоор тууралуу ой-пикирлери менен алмашышты. 

Маалымат үчүн: 

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча уюм (ОЭСР) — өкүлчүлүктү демократия жана эркин рыноктук экономика принциптерин тааныган, өнүккөн өлкөлөрдүн эл аралык экономикалык уюму.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу