КР Экономика министрлигинин жетекчилиги жана МСК, СӨП жана МБК өкүлдөрү ишкерлер менен актуалдуу маселелерди талкуулашты

Новости
13-Февраль 2019-ж.
4795

2019-жылдын 13-февралында КР Экономика министрлигинин Чакан залында министр Олег Панкратовдун жана Мамлекеттик салык кызматынын, Соода-өнөр жай палатасынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрүнүн өлкөнүн бизнес коомчулук менен кезектеги жолугушуусу болуп өттү. 


Ачык диалог жана ой-пикирлер менен эркин алмашуу формасында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө, анын катышуучулары актуалдуу маселелерди талкуулашты, тактап айтканда салык чөйрөсүндө. Ишкерлер ЕАЭБ, салык катоосунун колдонуудагы механизмдери ж.б. темалар боюнча экспорттук жана импорттук операцияларга байланыштуу көйгөйлөрдү алып чыгышты.

Өндүрүлгөндүгү жөнүндө сертификаттарды берүү жөнүндө сын-пикирлер айтылды. Бизнесмендер сертификаттарды сатып алуучуларга эмес, өндүрүлгөн партияга берүүнү суранышууда. 

Ишкерлер КР Салык кодексинин 278-беренесин кайра карап чыгууну суранышты, мында КНС кайтаруу жөнүндө айтылган, анткени бул статья иштебейт. 

Экономика министри көтөрүлгөн маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берди.

КНСти кайратуу боюнча О.Панкратов белгилеп кеткендей, КР Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Кодекстеги жаңы талаптарды аткаруу үчүн КР Өкмөтүнүн токтому иштелип чыккан, ал кайтаруу тартибин аныктайт. Азыркы учурда макулдашуунун бардык жол-жоболору кол коюуда.  

Өндүрүү сертификатын берүү боюнча, Экономика министри КР СӨП сертификаттары менен түзүлгөн жагдай жөнүндө ведомствонун жетекчилигине жеткирүү тапшырмасын берди. 

Ошондой эле, О.Панкратов ЕЭК менен документ алмашуу боюнча жумушчу топту салык кызматы менен биргеликте түзүү тапшырмасын берди.

Белгилеп кетчү нерсе, КР Экономика министрлигинин жетекчилиги белгилеп кеткендей, бизнес бажы жана салык жол-жоболору боюнча маселелерди үзгүлтүксүз көтөрүп келет, ошондуктан Бажы жана Салык кызматтарынын өкүлдөрү менен биргеликте жолугушууларды уюштуруу чечими чыгарылды. Бардык тараптар көйгөйлөрдү чечүү жолдорун иштеп чыгышат. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу