Электрондук коммерцияны укуктук жөнгө салуунун негизги принциптери жөнүндө

Новости
01-Февраль 2019-ж.
6725

Электрондук коммерция үчүн укуктук шарттарды камсыз кылуу, электрондук коммерцияны ишке ашырган жактардын укуктарын жана милдеттерин бекемдөө, электрондук документтерди далил катары таануу максатында Борбордук Азияда региондук соодага көмөк көрсөтүү программасынын колдоосунда КР Экономика министрлиги тарабынан «Электрондук коммерция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору иштелип чыкты. 

Белгилеп кетчү нерсе, азыркы учурда Кыргызстанда электрондук коммерция үчүн мыйзамдык платформа жок. Рыноктун катышуучулары башка ченемдик укуктардын бар болгон жоболоруна негизделет. 

Азыркы учурда, электрондук коммерция жаатында мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негизи Конституция, Граждандык кодекс, «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө»,  «Жарнама жөнүндө»,  «Электрондук кол тамга жөнүндө», «Электрондук башкаруу жөнүндө», «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө», «Төлөм системасы жөнүндө», «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө» КР Мыйзамдары ж.б. болуп саналат.

Бирок, бар болгон жоболор электрондук коммерцияны активдүү өнүктүрүү үчүн жетишсиз. Буга байланыштуу, электрондук коммерция жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу зарылдыгы бар.   

Бул долбоор 7 главадан турат, анда 21 берене камтылган.

Мыйзам долбоору товарларды сатууда, сатып алууда же жеткирүүдө бүтүмдөрдү жасоодо, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө жана аларга байланыштуу электрондук коммерциянын чөйрөсүн түзгөн башка юридикалык аракеттерди жасоодо тараптардын ортосунда пайда болгон мамилелерди жөнгө салууга багытталган, маалымат системасы жана маалымат-коммуникациялык технологиялар аркылуу товарларды сатууну же жеткирүүнү, иштерди аткарууну жана кызматтарды көрсөтүүнү кошкондо

Мыйзам долбоору менен электрондук коммерцияны укуктук жөнгө салуунун негизги принциптери аныкталган:

жарандык-укуктук мамилелердин катышуучуларынын теңдигин, келишимдин эркиндигин, ишкердик ишин жолтоосуз ишке ашырууну, товарлардын жана финансылык каражаттарды эркин жүгүртүүнү, электрондук сооданын катышуучуларынын укуктарын сотто корголушунун кепилдигин, ошондой эле жашыруундуулукту сактоону жана маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу;

электрондук коммерциянын катышуучулары аныкталууда

Маалымат үчүн

Электрондук коммерция чөйрөсүндө укуктук мамилелердин катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:

- аукциондордун, конкурстардын жана тооруктардын уюштуруучулары;

төлөм системаларынын операторлору;

байланыш операторлору (провайдерлери);

- коммерциялык банктар;

мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелер жана уюмдар;

-  жеке же юридикалык жактар.

электрондук документтер менен алмашууну уюштурууга жалпы талаптар, электрондук документтерди сактоонун шарттары жана өзгөчөлүктөрү, тартиби, жеке маалыматтарды коргоого талаптар, ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу үчүн электрондук коммерция чөйрөсүндө укук мамилелердин катышуучуларынын жоопкерчилиги белгиленүүдө.

эл аралык электрондук бүтүмдөрдү түзүүдө жана тараптардын бири КР субъекти болуп саналбаган жана анын юрисдикциясынан тышкары жайгашкан учурларда Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттери жана электрондук коммерция жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчилик жана талаштарды карап чыгуу, жүктөрдү ташууда электрондук коммерциянын катышуучуларына талаптар аныкталды.   

«Электрондук коммерция жөнүндө» КР Мыйзамын кабыл алуу төмөнкүлөргө мүмкүндүк түзөт:

- маалыматтарды алмашуунун коопсуздугу, анын ичинде байланыштын корголгон жеке каналдарын колдонуунун эсебинен;

- стандарттарды колдоо жана таанылган эл аралык коомчулуктун соода бүтүмдөрүнүн жол-жоболору боюнча иштеши;

- салыктан «кетүүнү» жокко чыгаруу жана ар бир бүтүмдөн жыйымдар менен мамлекетке киреше түзүү;

- мамлекеттик статистиканын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн бүтүмдөр жөнүндө маалыматтарды чогултуу мүмкүндүгүн камсыздоо.

Ушуну менен бирге, ушул мыйзам долбоору бизнес-коомчулук жана жарандар, Интернет колдонуучулар менен кеңири, активдүү талкуулоону талап кылууда, буга байланыштуу, Экономика министрлиги коомдук талкуулоо үчүн мыйзам долбоорун сайтка жайгаштырды.  

Электрондук сооданын бардык катышуучуларын маалыматтык система жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялары аркылуу кызматтардын кеңири спектрин караштырган “Электрондук коммерция жөнүндө” мыйзам долбоорунун үстүндө биргелешип иштөөгө жана сапаттуу ЧУА иштеп чыгууга чакырабыз.  

Азыркы учурда, 2014-жылдын 30-сентябрындагы КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актыларга ЖСТТ жүргүзүү методикасына ылайык ушул мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү үчүн өлкөнүн тийиштүү министрлигинин жана ведомстволорунун, бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу