Кыргызстандын ишкерлерине ЕАЭБ алкагында өнөр жай долбоорлорун каржылоо механизми сунушталды

Новости
12-Ноябрь 2025-ж.
99

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен биргеликте Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун жана банк секторунун өкүлдөрүнө Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян менен жолугушуусун уюштурду. Иш-чаранын алкагында ЕЭК министри Евразия экономикалык бирлигинин бюджетинин эсебинен өнөр жай кооперациясын каржылоо механизмин сунуштады. 

Гоар Барсегян өз сөзүндө механизм технологиялык өнүгүүгө стимул берүүгө багытталгандыгын жана өндүрүштүк кооперацияны кеңейтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов, өз кезегинде, ата мекендик бизнес кооперациялык демилгелерге активдүү катышууга жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн өнөктөштөрдү тартуу үчүн бардык шарттарга ээ экенин белгиледи.

ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Каныбек уулу Элимбек иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, бизнести каржылоо механизмине активдүү катышууга чакырды жана артыкчылыктуу милдеттердин бири катары Кыргызстандын аймагында топтолгон долбоорлорду издөө жана ишке ашыруу экенин баса белгиледи, ошондой эле Министрлик керектүү документтерди даярдоого жана ЕЭК менен консультацияларды өткөрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Бизнес менен жолугушуунун жүрүшүндө каржылоо механизмине катыша турган бир нече потенциалдуу өнөр жай долбоорлору аныкталды. Бизнес өкүлдөрү ошондой эле ЕЭК өкүлдөрүнө каржылоо механизмине катышуунун практикалык аспектилери, ошондой эле финансылык колдоо алуу жол-жоболору боюнча бир катар актуалдуу суроолорду бере алышты.

Маалымат үчүн:

Механизм мүчө мамлекеттин Борбордук банкынын негизги ставкасынын 100% өлчөмүндө кредит боюнча пайыздык ставканы субсидиялоону болжолдойт.

Каражаттын булагы болуп Евразия экономикалык бирлигинин бюджети саналат. Бир долбоорду субсидиялоонун максималдуу көлөмү жылына 350 миллион россия рублинен ашпоого тийиш, ал эми долбоорду субсидиялоо жана ишке ашыруу мөөнөтү 5 жылды түзөт, банктардын максималдуу кредиттик ставкасы негизги ставкага + 6,5%дан ашпоого тийиш.

2025-жылга карата жеткиликтүү каражаттын көлөмү 5,1 миллиард россия рублин (64 миллион АКШ доллары) түзөт. Механизмди ишке ашырууга карата каражаттын жалпы көлөмү 2026-жылга карата 8,84 миллиард рубль (111 миллион АКШ доллары) түзүшү ыктымал.

Онлайн кайрылуу