Назгуль Сыдыгалиева: «Мамлекетте коррупцияга каршы саясат багытында негизги реформалар ишке ашырылууда»

19-Июль 2025-ж.
107

Кыргыз Республикасында Жазык кодексине өзгөртүүлөр күчүнө кирип, Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегия кабыл алынды

Мамлекетте коррупцияга каршы саясатты күчөтүүгө багытталган негизги реформалар ишке кирди. Коррупциялык кылмыштар үчүн жоопкерчилик кыйла күчөтүлдү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2025–2030-жылдарга карата Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегия жана аны ишке ашыруу боюнча план бекитилди.

Бул тууралуу #КРЭКМ коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Назгуль Сыдыгалиева «Биринчи радио» эфиринде билдирди. Анын айтымында, 2024-жыл — антикоррупциялык мыйзамдарды реформалоо жаатында бурулуш болгон жылдардын бири.

Башкы өзгөрүүлөр:

▪️ Коррупция боюнча айыпталып, соттолгон адамдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды өмүр бою аркалоого тыюу салынды.

▪️ Айып пулдар жоюлду — кылмышты мойнуна алып, келтирилген зыянды калыбына келтирген күндө да жаза катары эркинен ажыратуу каралат. Мөөнөт — тиешелүү беренеде белгиленген максималдуу жазанын жарымынан кем болбошу керек.

▪️ Коррупциялык кылмыштар боюнча жеңилдетүүчү жагдайлар жоюлду.

▪️ Ауыр жана өзгөчө оор кылмыш жасаган жарандар жана алардын жакын туугандары мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кабыл алынбайт. Кыргызстанда коррупция өзгөчө оор кылмыштардын катарына киргизилди.

▪️ Стратегияны ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аныкталды. Ал мамлекеттик органдардын аракеттерин координациялоого жооп берет.

Жаңы киргизилген нормалар боюнча түшүндүрүү иштерин бардык мамлекеттик органдарда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү жүргүзүштү.

Назгуль Сыдыгалиева белгилегендей: «Коррупция — бул жекече мыйзам бузуулар эмес, системалуу көрүнүш. Жоопкерчиликке кызмат адамдары эле эмес, пара сунуштагандар, ортомчулар жана бул көрүнүштү жашырган адамдар да тартылат».

Экономика жана коммерция министрлиги ар бир жаранды активдүү жарандык позицияны карманууга жана коррупциялык фактылар тууралуу тиешелүү органдарга токтоосуз билдирүүгө чакырат.

Онлайн кайрылуу