"Баа түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу " Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна ЖТТ иштеп чыгуу жөнүндө кабарлоо

Объявления
16-Июль 2025-ж.
107

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталышы жана кызыкдар жактардын сунуштарын чогултуу жөнүндө кабарлайт.

1. Чечилишине сунушталган жөнгө салуу багытталган проблемалардын сыпаттамасы (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Акыркы убакта санариптик экономиканын өнүгүшүнө жана рынокто  жаңы кызматтардын пайда болушуна байланыштуу, мисалы, электрондук санариптик кол коюу, жүргүнчүлөрдү ташуу рыногунда көрсөтүлүүчү кызматтар (такси), маркетплейсттер, онлайн кинотеатрлар ж.б керектөөчүлөрдөн көп даттануулар болууда, көбүнчө баа түзүү саясатына байланыштуу.

Монополияга каршы мыйзамдардын чегинде чарба жүргүзүүчү субъекттерди Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилгенине карабастан бул маселени мыйзамдык деңгээлде жөнгө салуу мүмкүн эмес.

Товарлардын кымбатташы жана бааларды жөнгө салууга мүмкүн эместик үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъектке кыска убакыттын ичинде максималдуу пайда алууга мүмкүндүк берет, ошондой эле, окшош товар менен башка субъекттин рынокко чыгуусуна тоскоолдук кылат.

Сүт саан жогорулаган  мезгилде сунуш көбөйөт, ошого жараша сүттүн сатып алуу баасы төмөндөйт, бул фермерлердин нааразычылыгын жаратууда.

Чийки сүттү сатып алуу рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана сезондук факторлорду эске алуу менен баа менен манипуляциясына жол бербөө үчүн “Баа түзүү жөнүндө”  жана “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык алкактык макулдашуу түзүү сунушу рыноктун катышуучуларынын колдоосун тапкан жок. Бааларды жөнгө салуу мыйзамда каралган эмес.

2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү) жана проблеманы чечүүнүн ыкмасын сыпаттоо:

Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты акчалай кирешелеринин деңгээлине карабастан, калктын бардык катмары үчүн рынокто үстөмдүк кылган товарлардын, ошондой эле товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

Мамлекеттик жөнгө салуу - рентабелдүүлүктүн деңгээлин белгилөө ыкмасын киргизүү сунушталууда. Мында рентабелдүүлүктүн деңгээлин товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркына карата 25 проценттен көп эмес чектөө мыйзам менен сунушталат.

Ошондой эле республиканын аймагында сатып алуу баалары менен сатылып алынуучу айыл чарба продукциясына, товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) жана сырьелорго сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө норманы киргизө сунушталууда.

3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү);

Рентабелдүүлүктүн деңгээлин белгилөө мамлекеттик жөнгө салуунун бир кыйла жөнөкөйлөштүрүлгөн жана жумшак ыкмасы болуп саналат, ал ишкердик субъекттерине көрсөтүлгөн ыкманы колдонуу менен мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүдө товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө бааларды белгиленген тартипте бекитилген ыйгарым укуктарга ылайык бааны жөнгө салуу жана контролдоо функциялары жүктөлгөн ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген рентабелдүүлүк деңгээлинин чегинде өз алдынча түзүүгө мүмкүндүк берет. 

Рентабелдүүлүк көрсөткүчтөрү өзүнүн бизнесин атаандаштар менен баалоого, өнүгүүнү болжолдоого жана эмнени жакшыртуу керектигин түшүнүүгө жардам берет. Алар ошондой эле негизги продуктыларды сатуунун натыйжалуулугун эсептөөгө, чыгымдарды кыскартууга жардам бере турган натыйжалуу стратегияны түзүүгө жана баа саясатын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

 Ошентип, жөнгө салуу механизми бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алат: ал чарба жүргүзүүчү субъектке адилеттүү пайда алуу менен чыгашасыз иштөө мүмкүнчүлүгүн берет, керектөөчүгө товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү негиздүү баада (тарифтерде) алуу, баалар менен негизсиз манипуляцияларды болтурбоого, ал эми инвесторго белгилүү бир тармакка инвестициялоо үчүн бизнес-планды эсептөөгө мүмкүндүк берет.

4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Жөнгө салуунун бул варианты кабыл алынган учурда ишкердик чөйрөдө нааразычылыктар болушу мүмкүн. Тобокелдиктерди чечүү жолу-рентабелдүүлүктү орнотууда өтө кылдат талдап, адилетсиз чечимдерге жол бербөө керек.

5. Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерин - адресаттарын мүнөздөө жана санын баалоо:

Республиканын аймагында катталган рыноктун бардык субъекттери.

6. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

Мыйзам долбоорун кабыл алуу потенциалдуу даректерге кошумча чыгымдарды алып келбеши керек.

7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.

Кабарлоого төмөнкүлөр тиркелет:

1. Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги:

- аталган проблемалар туура жана жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;

- аталган максат негиздүүбү, аткаруу үчүн маанилүүбү;

- проблеманы чечүү үчүн сунушталган ыкма (жөнгө салуу) кыйла артыкчылыктуу болуп саналабы;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер пайда болушу мүмкүн;

- проблеманы чечүүнүн кыйла натыйжалуу альтернативдүү ыкмалары барбы;

- сунушталган жөнгө салууга карата жалпы пикир.

Маселелердин тизмеги кеңейтилиши мүмкүн.

2. Сунушталуучу жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын баалоого мүмкүндүк берген башка маалымат:

__________________________________________________________________

(тексттик сыпаттоо үчүн орун)

Кабарлоо маалыматын талкуулоо үчүн байланыштар жана мөөнөттөрү:

1. Сунуштар төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынат:


- электрондук почта аркылуу

J.kojosheva@mail.ru

- почта дареги

720040, Бишкек ш., Абдумомунов көч, 207

Монополияга кары саясат, атаандаштыкты өнүктүрүү жана баа түзүү башкармалыгы

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү

25-июль 2025-ж

3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү28-июль 2025-.


Онлайн кайрылуу